Мыйзамдуу чечим эрежелерди сактоодон башталат

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна кайрылууда төмөнкүлөрдү эске алыңыз: мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери мыйзамдардын жана белгиленген талаптардын негизинде чечилет.

Социалдык фонддун кызматкери мыйзамдуу, объективдүү жана ак ниет иш алып барууга милдеттүү. Ошол эле учурда жарандар тарабынан да коррупцияга шарт түзбөө маанилүү.

Маселени жеке пайда аркылуу чечүүгө аракет кылбаңыз

Кызматкерге сунушталган акча, белек, кызмат көрсөтүү же башка сунуштар маселени чечүүнүн мыйзамда белгиленген негиздерин жана тартибин алмаштыра албайт.

Төмөнкү маселелер боюнча сыйлык сунуштабаңыз:

  • пенсияны дайындоо же кайра эсептөө;
  • мамлекеттик кызмат алуу;
  • маселени кароону тездетүү;
  • өзүңүздүн пайдаңызга чечим кабыл алуу.

Бул мыйзамдуу артыкчылык бербестен, жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Пенсия мыйзамга ылайык дайындалат

Пенсия алуу укугу, аны дайындоо жана анын өлчөмү мыйзамдарга ылайык жана тиешелүү маалыматтардын негизинде аныкталат.

Автоматташтырылган жол-жоболорду колдонуу жаран менен кызматкердин жеке макулдашуусуз чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Ошондуктан «өзгөчө жолду» издөөнүн кажети жок — эгер мыйзамдуу негиздер бар болсо, маселе белгиленген тартипте чечилет.

Эрежелерди сактаңыз — коррупциялык тобокелдиктерди жаратпаңыз

Кызматкердин чечимине таасир этиши мүмкүн болгон нерсени ага сунуштабаңыз.

Мыйзамсыз шарттарга макул болбоңуз.

Эгер кызматкер өзүнүн милдеттерин аткаргандыгы үчүн акча, белек же башка пайда талап кылса — макул болбоңуз жана бул тууралуу белгиленген тартипте билдирүү жасаңыз.

Биргеликте — мыйзамдуулук жана ак ниеттүүлүк үчүн

Коррупциянын алдын алуу Социалдык фонддун кызматкерлеринен гана көз каранды эмес.  Ар бир жаран өзүнүн жүрүм-туруму менен коррупцияга орун бербөөгө салым кошо алат.

Мыйзамдуу маселе — мыйзамдуу чечим.