Улуу муунга таазим: Өлкө боюнча 100 жаштан ашкан карыяларыбызга даректүү колдоо көрсөтүлдү 👵👴✨
«Камкордук айлыгы» республикалык акциясынын алкагында КР Социалдык фондунун кызматкерлери өлкөбүздүн бардык региондорунда, район-шаарларында жашаган 100 жаштан ашкан кылым карыткан улуу карыяларыбыздын үйлөрүнөн жеке кабар алышты.
Ар бир ардагерге Социалдык фонддун атынан 10 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай төлөм жана терең ыраазычылык куттуктоолору тапшырылды.
Өлкөбүздүн эң кадырлуу карыяларына көрсөтүлгөн бул даректүү колдоону уюштурууда социалдык жоопкерчиликти бийик тутуп, атайын майрамдык азык-түлүк топтомдорун жана белектерди даярдап берген акциянын башкы өнөктөшү — Globus, «Народный», «Достор» жана SPAR дүкөндөр тармагын башкарган «Umai Retail» чекене операторуна өзгөчө ыраазычылык билдиребиз!
КР Социалдык фонду улуу муундун өкүлдөрүнө көрсөткөн камкордугу жана социалдык өнөктөштүгү үчүн «Umai Retail» компаниясына терең ыраазычылык билдирет.
Карыяларыбызга бекем ден соолук, бакубат турмуш жана узак өмүр каалайбыз! ❤️

Русский