Топтомо пенсияны алуунун жолдору.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар:

💼1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү:
• Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар болсо “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алган жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

✈️2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:
• Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

👨‍👩‍👧‍👦3. Мураскорлор:
• Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

🎖️4. Аскер кызматкерлерине төлөө:
• Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

🏠5. Ипотекалык насыялоо:
• пенсиялык топтоолору бар адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада:
– коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган;
– коммерциялык банктар аркылуу мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө менен турак жай сатып алуу боюнча ислам принциптеринин алкагында ипотекалык каржылоо алып жаткан же алган;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган,
– “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (мындан ары – “МИК” ААК) тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн;

6. • Үлүштүк курулушка катышкандарга төлөө
-“МИК” ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышкан адамдарга, алардын жубайларына, үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;

🩺7. Оор ооруларды дарылоо:
• оор оорулары бар адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат. (оор оорулардын тизмесине ылайык шилтеме: https://sf.gov.kg/pensiyalyk-toptoo-karazhattaryn-m%d3%a9%d3%a9n%d3%a9tyn%d3%a9n-murda-aluuga-ukuk-bergen-oor-oorulardyn-tizmesi/ ).

🧑‍💼8. Жумушсуздук:
• Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

2026-жылдын 1-сентябрына карата топтомо каражаттарын төлөөнү каржылоонун статистикасы:
Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 246 866 адам (7 208,5 млн. сом суммасында), анын ичинде:
💼– Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө –213 979 адам (3 568,0
млн. сом);
✈️– Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө –
4 713 адам (272,1 млн. сом);
👨‍👩‍👧‍👦– Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө –13 241 адам (433,7 млн. сом);
🎖️– Аскер кызматчыларына төлөө – 1051 адам (13,7 млн.сом);
🏠– Ипотекалык кредит алып жаткандарга – 397 адам (92,1 млн.сом);
🏠 – Ипотекалык кредит алгандарга – 10 348 адам (2 320,1 млн.сом);
🏠 – Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө (“МИК” ААК каржылайт) – 887 адам (141,9 млн. сом);
🏠 – Банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 587 адам (176,1 млн. сом);
🏠 – ААК “МИК”, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрия тарабынан Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулуштун катышуучуларына – 73 адам (12,5 млн. сом);
🧑‍💼– Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга төлөө – 544 адам (8,3 млн.сом.);
🩺 – Оор оорулары бар адамдарга төлөө – 1046 адам (170,0 млн. сом).

Биз ар кандай шартта жана кырдаалдарда жарандарга колдоо көрсөтүү менен пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга умтулабыз.