Социалдык фонддо мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана санариптештирүү маселелери талкууланды

2026-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу жыйын болуп өттү. Иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын жана КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу максатында уюштурулду.

Жыйынды Социалдык фонддун төрагасы Б.Дж. Алиев ачып, өз сөзүндө мекемеде мамлекеттик тилдин колдонулушу жана ченемдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча кеңири маалымат берди. Муну менен катар, Улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев «Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонууга муктаж» деген темада баяндама жасап, тилдин коомдук жана кызматтык чөйрөдөгү ролуна токтолду.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Улуттук комиссиянын тил саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Э.М. Джелденбаева кызматкерлердин ишинде көмөкчү курал катары кызмат кылган санариптик продуктыларды тааныштырды. Анда «Айтил» улуттук жасалма интеллекти, Document.gov.kg порталы, «Кыргызча оңой/Easy Kyrgyz» мобилдик колдонмосу, ошондой эле жаш балдарга арналган тиркемелер жана кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча видео сабактар көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда иш кагаздарын мамлекеттик тилде сабаттуу жүргүзүү үчүн тармактык сөздүктөрдүн электрондук варианттарын жана жаңы технологияларды колдонуунун тартиби түшүндүрүлдү.