Социалдык фонддо камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары кантип катталуу керек?

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоо, төлөөчүнүн юридикалык дареги боюнча, юридикалык жактардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүн (филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн) ишин жүргүзгөн жери боюнча жана жеке жактарды жашаган же экономикалык ишин жүргүзгөн жери боюнча Социалдык фонддун райондук башкармалыктары тарабынан жүргүзүлөт.