28-апрелде Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү менен Социалдык фонддун өкүлдөрүнүн ортосунда жумушчу кеңешме өттү.
Жолугушуунун негизги максаты — коррупцияга каршы аракеттенүүдө мекемелер аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу.
Кеңешменин алкагында төмөнкү маанилүү маселелер талкууланды:
-
Учурдагы чаралар: ИИМ системасында коррупцияны ийгиликтүү ооздуктоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
-
Стратегиялык план: 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунуу кадамдары каралды.
-
Эл аралык тажрыйба: Мыйзамдардагы актуалдуу өзгөрүүлөр жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талданды.
Жыйынтыгында тараптар маалымат алмашууну ыкчамдатуу, биргелешкен текшерүүлөрдү жүргүзүү жана коррупциялык тобокелдиктерге туруктуу мониторинг жүргүзүү механизмин өркүндөтүү тууралуу макулдашты.
Русский