Соцфондго 5 айда 6 миңден ашык кайрылуу түштү.
2026-жылдын январь-май айларында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына жалпы 6 260 кайрылуу келип түшкөн.
Анын ичинен:
• 📝 Жазуу түрүндө – 233;
• 🗣 Оозеки кайрылуулар – 472;
• 👤 Жетекчиликтин кабыл алуусунда болгондор – 32 жаран;
• ☎️ «Ишеним телефону» аркылуу – 2 954;
• 📱 Уюлдук «Ишеним телефону» аркылуу – 1 235;
• 💬 «Пикир» системасы аркылуу – 39;
• 📻 «Биринчи радиодогу» «Биринчи кабылдама» берүүсү аркылуу – 8;
• 💻 «Түндүк» системасы аркылуу (маалымат алуу үчүн) – 1 287.
Жарандарды кандай суроолор көбүрөөк кызыктырат?
Негизги суроолор төмөнкү багыттар боюнча болду:
• Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жана индексациялоо;
• Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу;
• Пенсияга болгон укуктар, пенсияны чектөө, өз убагында төлөө жана туура эсептөө;
• Пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө;
• Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарын чектөө жана төлөө тартиби;
• Соцфонддун ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка маселелер.
📢 Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу боюнча келип түшкөн бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жана жеткиликтүү жооптор берилди.
Русский