Соцфонд пенсияны автоматтык түрдө чектөөнү киргизүүгө даярданууда. «Түндүккө» бүгүнтөн калбай катталыңыз!
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жаш курак боюнча жана майыптык боюнча пенсияларды чектөө процессин толугу менен өзгөртө турган жаңы Автоматташтырылган маалыматтык тутумду (АМТ) ишке киргизүүгө даярдыктарды аяктап жатат.
Бул тутум кантип иштейт? Мындан ары жарандарга маалымкаттарды (справкаларды) чогултуунун жана Соцфонддун бөлүмдөрүнө убара болуп келүүсүнүн кажети жок. Тутум сиздин эмгек стажыңыз, кирешелериңиз тууралуу маалыматтарды өз алдынча топтойт, төлөмдөрдүн өлчөмүн эсептейт жана пенсияны автоматтык режимде тариздейт.
Тиркемедеги болгону бир кадам: Пенсия курагына жетүүгө туура 1 ай калганда «Түндүк» тиркемесиндеги жеке кабинетиңизге Соцфонддон билдирүү келет. Сиз болгону аны ачып, пенсияңызды кайсы банктын картасы аркылуу алууну кааласаңыз, ошол банкты тандап коюшуңуз керек.
Азыр эмне кылуу керек? Тутум кемчиликсиз иштеши жана сиз билдирүүнү өз убагында алышыңыз үчүн, биз жарандарга, өзгөчө пенсия курагына жакындап калгандарга төмөндөгүлөрдү сунуштайбыз:
- «Түндүк» тиркемесин жүктөп алуу (эгерде сизде жок болсо);
- Каттоодон өтүү;
- Бул тууралуу ата-энеңизге, жакындарыңызга айтып, тиркемени жөндөөгө жардам берүү.
Санариптик өзгөрүүлөргө биз менен бирге даяр болуңуз! Тутумдун толук кандуу ишке киргизиле турган так күнү тууралуу алдыдагы маалыматтарда кошумча кабарлайбыз.
📞 Сурап-билүү үчүн ишеним телефондору:
-
0 (312) 57-66-61 (Коомдук кабылдама)
-
0 (312) 54-33-16
-
0 (555) 64-04-16 (Мобилдик)

Русский