Соцфонд 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды
“Кабар” маалымат борборунда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өттү. КР Социалдык фондунун төрагасы Б.Алиев үстүбүздөгү жылдын акыркы 6 айында Социалдык фонддун ишмердүүлүгүнүн негизги жетишкендиктери жана көрсөткүчтөрүнө токтолду.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду – мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасынын башкарууну жүзөгө ашыруучу органы болуп саналат. Социалдык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын максаты пенсияларды жана жөлөкпулдарды өз убагында төлөө, ошондой эле пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн жыл сайын индексациялоо болуп эсептелет.
Бюджеттин киреше бөлүгү;
Алдын ала жыйынтыктар боюнча 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында Социалдык фонддун кирешеси 58 177,7 млн сомду түзүп, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 413,0 млн сомго көп.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү;
2024-жылдын 6 айында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүсү 37 180,9 млн сомду түзүп, бул пландык тапшырмадан 114,2% га көп чогулган. Ал эми, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 117,6% га көбөйгөн.
Башка кирешелер;
Туумдардан, айыптардан, пайыздардан жана дивиденддерден 877,8 миллион сом алынып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 420,8 миллион сомго көбөйгөн.
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар;
2024-жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат 20 119,0 млн сомду түздү. Бул каражаттар пенсиянын базалык бөлүгүн, электр энергиясы үчүн компенсацияны, аскер кызматкерлеринин пенсиясын жана башка төлөмдөрдү каржылоого жумшалды.
Бюджеттин чыгаша бөлүгү;
2024-жылдын 6 айында Пенсиялык фонддун чыгашалары 46 400,5 млн сомду түздү. Пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма толук көлөмдө каржыланды. Пенсия алуучулардын саны 784,4 миң адамга жетип, 2024-жылдын 1-июлуна карата пенсиянын орточо өлчөмү 9 063 сомду болду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 364 сомго көп.
Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду; (МПТФ)
2024-жылдын 6 айында МПТФга келип түшкөн каражаттардын суммасы 2 249,7 млн сомду түздү. Жалпысынан МПТФнынкаражаттарынан9 627,9 млн сом жылдык кирешеси 14,95-16,60% болгон мамлекеттик баалуу кагаздарга жана жылдык кирешеси 13,3-17,2% болгон коммерциялык банктардын депозиттик салымдарынаинвестицияланган. Бул инвестициялардантүшкөн киреше2627,4 млнсомдутүздү.
Пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөөгө 591,2 млн сом жумшалып, ал төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлгөн:
* Бир жолку төлөмдөр 284,1 млн сом;
* КР чегинен тышкары кеткендерге төлөмдөр 13,8 млн сом;
* Мураскорлорго төлөмдөр 22,1 миллион сом;
*249,9млн сом суммасындагы ипотекалык насыялар, анын ичинде баштапкытөгүм, колдонуудагынасыялардытөлөөжана турак жайды ижарага берүү.
* Жумушсуздарга төлөмдөр 1,2 млн сом;
* Оор дарткачалдыккандаргатөлөмдөр20,1млнсомдутүздү.
Пенсия жана тариф саясаты;
2024-жылы пенсиялык саясатты өркүндөтүү боюнча чараларды камтыган мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын негизги жоболоруна төмөнкүлөр кирет:
* Пенсиянын базалык бөлүгүн толук өлчөмдө дайындоо;
* Пенсия чектөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана пенсиянын биринчи камсыздандыруу бөлүгүн эсептөө;
* Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын тобу үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн толук өлчөмдө белгилөө;
* Багар-көрөрү боюнча пенсияга чыгуу курагын 18 жашка чейин көбөйтүү.
* Пенсионер көчүп-конгондо кошумчаларды сактоо;
* Пенсиянын эсептелген суммасын төлөө мөөнөтүн 5 жылга чейин көбөйтүү; * Пенсиянын өлчөмүн азайтуу менен жана азайтпастан мөөнөтүнөн мурда пенсияларды жокко чыгаруу;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2024-жылдын 28-июнунда пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 2024-жылдын 1-октябрынан тартып 18% га индексациялоо каралган. Жалпы өлчөмү 6900 сомдон төмөн болгон пенсиялар пенсионердин жашоо минимумуна жеткирилип 6900 сомду түзөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2024-жылдын 1-октябрына карата өлкөдөгү пенсионерлердин саны 787,5 миң адамды түзүп, пенсиянын орточо өлчөмү 10 547 сомго жетет.