🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-сентябрь айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

🔍Социалдык фонд 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,86-16,0% чегиндеги жылдык кирешелүүлүгү менен 12 688,7 млн.сом инвестициялаган.

💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 3 921,6 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, жылдык кирешелүүлүгү 11,3-14,3% чегинде болгон.
💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 16 610,3 млн.сом инвестицияланган.
📊2026-жылдын январь- сентябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 4 896,8 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 555,6 млн.сом;
• ААКтардын акциялары боюнча дивиденддер – 185,9 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 14,3 млн.сом.

💸Бардыгы болуп 2026-жылдын январь- сентябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 5 652,6 млн.сом киреше алынган.