🌐 Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2025-жылдын январь-июнь айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.
🔍 2025-жылдын январь-июнь айларында Социалдык фонд Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан жалпы 6 967,6 млн сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) жылдык 12,90–16,00% кирешелүүлүк менен инвестиция салды.
💰 Мындан тышкары, 3 145,0 млн сом МТПФнын каражаттары коммерциялык банктардын 12 жана 18 айлык мөөнөттөгү депозиттерине жайгаштырылды (жылдык кирешелүүлүк – 12,1–13,0%).
💰 1 750,0 млн сом өлчөмүндөгү каражат Кыргыз Республикасындагы эмитенттердин акцияларына инвестицияланды.
💹 Ошентип, 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында жалпы 11 862,6 млн сом инвестицияланган.
📊 Мурда жайгаштырылган каражаттардан төмөнкүдөй кирешелер алынды:
• МБКдан түшкөн киреше – 2 844,6 млн сом;
• Депозиттерден алынган пайыздык киреше – 406,4 млн сом;
• МТПФ эсептериндеги күнүмдүк калдыктарга чегерилген пайыздар – 19,1 млн сом;
• Башка кирешелер – 0,047 млн сом.
💸 Жалпысынан, 2025-жылдын январь-июнь айларында МТПФ каражаттарын инвестициялоодон 3 270,1 млн сом киреше алынган.