🌐Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун 2024-жылдын январь-декабрь айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгү.

🔍Социалдык фонд 2024-жылдын январь-декабрь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик жана башка баалуу кагаздарга (МБК) 11,00-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 9 209,3 млн.сом инвестициялаган.

💰МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 7 048,9 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 12,6-17,2% болгон.

💹 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 16 258,2 млн.сом инвестицияланган.

📊2024-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 4 587,4 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 939,6 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 19,6 млн.сом.
• башка кирешелер – 3,3 млн.сом;

💸Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-декабрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 5 549,9 млн.сом киреше алынган.