📌 Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу деген эмне жана эмне үчүн өз убагында төлөө маанилүү?

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу — бул жарандар ооруп калганда, майып болгондо, карыганда же багуучусунан айрылганда мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү социалдык колдоо системасы.

Бул төлөмдөрдү кимдер төлөшү керек?

🔹 Ишканалар жана уюмдар

🔹 Чет өлкөлүк уюмдар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр

🔹 Дыйкан жана фермердик чарбалар

🔹 Жеке ишкерлер жана мыйзамда көрсөтүлгөн башка жеке жактар

Милдеттенмелерди аткартпоонун же кечиктирүүнүн кесепеттери кандай?

Мыйзам талаптары бузулса, төмөнкүдөй айып пулдар жана туумдар салынат:

❌ Эмгек акы же киреше жашырылса — жашырылган же азайтылган сумманын эки эселенген өлчөмүндө айып салынат.

❌ Отчет кечиктирилсе — мыйзамда белгиленген тартипте айып пул каралат.

❌ Төгүмдөр кеч төлөнсө — ар бир кечиккен күн үчүн туум эсептелет.

💡 Эскертүү: 2019-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, алардын туура эсептелишин жана өз убагында төлөнүшүн көзөмөлдөө милдети Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилген.

Социалдык камсыздооңузду камсыздап, айып пулдарга кабылбоо үчүн төгүмдөрдү өз убагында жана туура төлөөнү унутпаңыздар!