
2026-жылдын 30-июлунда Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.М. Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.
Макулдашуу тараптар ратификациялоо боюнча ички мамлекеттик жол-жоболорду аяктагандан кийин күчүнө кирет.
Бул документ Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарына эки мамлекеттин аймагында эмгектенүүдө топтолгон пенсиялык укуктарын сактоого мүмкүндүк берет. Пенсия дайындоодо эки өлкөдө топтолгон камсыздандыруу стажы эске алынып, жарандардын пенсиялык камсыздоого болгон укугун ишке ашырууга шарт түзүлөт.
Ар бир мамлекет өз аймагында топтолгон камсыздандыруу стажы үчүн өзүнүн мыйзамдарына ылайык пенсияны дайындайт жана төлөйт. Ошол эле учурда пенсиялар жарандардын жашаган жерине карабастан төлөнөт.
Мындан тышкары, Макулдашууда кызматтык иш сапарга убактылуу жөнөтүлгөн кызматкерлер үчүн социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн эки жолу төлөөгө жол бербеген ченемдер каралган. Бул эмгек миграциясы жана ишкердик жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Макулдашууга кол коюу кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана жарандардын социалдык корголушун чыңдоого, эмгек мобилдүүлүгүн кеңейтүүгө жана эки мамлекеттин ортосундагы өз ара кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.
Русский