2026-жылдын 5-октябрынан 9-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрү менен Австриянын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн ортосунда Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуу эки мамлекеттин социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү практикалык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп, Макулдашуунун жоболорун натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылууга, ошондой эле эки өлкөнүн компетенттүү мекемелеринин ортосунда мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин иштеп чыгууга багытталды.

Тараптар Макулдашууну практикалык жактан ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан формалардын долбоорлорун, ошондой эле тиешелүү жумуш процесстерин карап чыгып, макулдашышты.

Кыргыз Республикасы менен Австриянын компетенттүү мекемелеринин жана байланыштыруучу органдарынын ортосунда маалыматтарды электрондук түрдө алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар зарыл болгон техникалык жана уюштуруучулук шарттарды эске алуу менен маалымат алмашууну мындан ары электрондук форматка өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты, ошондой эле бул багытта тажрыйба жана практикалык ыкмалар менен алмашышты.