Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жалпы республикалык ишембиликке катышты. Анда Социалдык фонддун Борбордук аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери Э.Гареев атындагы ботаникалык багында көчөт отургузуп, ал эми И. Таранчиев атындагы сейил багында санитардык тазалоо жана сугаруу иштерин жүргүздү.

Ишембиликтин жүрүшүндө Төрага Бактияр Алиев отургузулуп жаткан дарактар кезеги келгенде шаарга көрк берет деген ишеничин билдирүү менен, төмөнкүлөргө токтолду:

«Президентибиз Садыр Нургожоевичтин Жарлыгынын негизинде бүгүн Социалдык фонддун кызматкерлери ишембиликке чыгып, ботаникалык бакка дарак отургузуп жатабыз. Убагы келгенде бул дарактар шаарыбызга көрк берип, экологияга таасирин тийгизет», — деди.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» жарлыгынын негизинде өткөрүлдү. Садыр Жапаров аталган жарлыкка 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон.

Жалпы республикалык ишембиликке Социалдык фонддун Борбордук аппаратынан, шаар-облустук, аймактык, райондук бөлүмдөрүнөн жалпы 1000ден ашык кызматкер катышты.