«Камкордук айы» Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында старт алды
КР Социалдык фонду пенсионерлер үчүн майрамдык иш-чараларды өткөрүп, 100 жаштан ашкан карыяларга 10 000 сомдон тапшырды
2026-жылдын 1-октябрында — Эл аралык карылар күнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду «Камкордук айы» республикалык социалдык кампаниясына старт берди. Бир эле убакта үч шаарда — Бишкекте («Sky Park Baytik» эс алуу аянты), Ошто («Алымбек Датка» этнографиялык борбору) жана Караколдо (А.С. Пушкин атындагы сейил багы) пенсионерлер үчүн майрамдык-чыңдоо иш-чаралары өтүп, ал эми 100 жаштан ашкан улуу карыяларга бир жолку акчалай төлөмдөр жана белектер тапшырылды.
Иш-чаранын программасында:
- Квалификациялуу инструкторлордун жетекчилиги астында муундар үчүн көнүгүүлөр, дем алуу гимнастикасы жана тайчи элементтери өткөрүлдү.
- Медицина кызматкерлери нөөмөттө болуп, кан басымын жана кандагы канттын деңгээлин текшерип, дарыгерлердин акысыз консультациялары берилди.
- Социалдык фонддун адистери катышуучуларга пенсиялык камсыздоо суроолору боюнча кеңеш беришти. Кампаниянын өнөктөштөрү улуу муундагы жарандарыбыз үчүн өз кызматтарын жана атайын сунуштарын тартуулашты.
- Чыгармачыл коллективдердин катышуусунда улуттук ыр-бийлер жана обондуу кайрыктар жаңырышты.
- Дегустациялык зоналар уюштурулуп, катышуучуларга белектер жана азык-түлүк топтомдору берилди.
Өлкөбүздүн эң улуу жарандарын колдоо кампаниянын өзүнчө негизги багыты болду. Социалдык фонддун жетекчилигинин демилгеси менен Кыргызстан боюнча 100 жашка чыккан жана андан ашкан бардык пенсионерлер 10 000 сом өлчөмүндө бир жолку акчалай төлөм алышты. Ошондой эле акциянын башкы өнөктөшү — Globus, «Народный», «Достор» жана SPAR дүкөндөр тармагын башкарган Umai Retail чекене оператору тарабынан майрамдык белектер жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк топтомдору тапшырылды.
Социалдык фонддун өкүлдөрү жетекчилик курам менен биргеликте улуу карыялардын үйлөрүнө жеке өздөрү барышты. Сапардын жүрүшүндө карыяларга көп жылдык эмгеги, акыл-мандыгы жана мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирилип, акчалай конверттер жана майрамдык белектер тапшырылды. Каракол шаарында улуу муундун өкүлдөрүн куттуктоого жана белектерди тапшырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары У. Маматканов жана КР Соцфонддун төрагасы Б.Алиев катышты. Ушундай эле куттуктоолор жана жеринен кабар алуулар Бишкек, Ош шаарларын камтуу менен өлкөнүн бардык аймактарында өттү.
Бул демилге социалдык жоопкерчиликтүү бизнестин активдүү катышуусу жана демөөрчүлүк колдоосу менен ишке ашырылууда. КР Социалдык фонду акциянын өнөктөштөрү — Umai Retail, «Элдик банк», «Бай-Түшүм Банк», «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму», «Алайку Organics», «Sky Park Baytik», «Beeline Кыргызстан», «Optic Plus» жана «Шоро» компанияларына терең ыраазычылык билдирет.
Пенсионерлер үчүн эртең мененки машыгуулар жана саламаттыкты чыңдоо жолугушуулары октябрь айы бою дем алыш күндөрү улантылат. Социалдык фонд улуу муунга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет жана пенсионерлердин ден соолугуна көңүл буруу, колдоо көрсөтүү жана кам көрүү мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп кала берерин баса белгилейт.

Русский