Соцфонддун 2025-жылдагы пенсиялык топтоолорун инвестициялоонун жыйынтыктары
“Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду башкаруучу компанияны тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган жарандардын топтомо каражаттарын башкарат.
Камсыздандырылган адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда пенсиялык топтоолорду инвестициялоонун жана пенсиялык топтоолордун төлөмдөрүн жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берүү жана аларды КР мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече топтоо бөлүгүндө чагылдыруу үчүн жыл сайын пенсиялык топтомо каражаттарынын инвестициялоонун жыйынтыктары бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарын инвестициялоодон алынган киреше 2025-жылы 6 734 215 612,81 сомду түзүп, алардын жылдык кирешелүүлүгү 11,98% болду.
Русский