Социалдык фонд Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн сынакта жеңүүчү болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 Жарлыгына ылайык Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата төрт айлыктын алкагында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жарыяланган сынактын 1-этабынын жыйынтыгы жарыяланды.
Сынактын жыйынтыгы менен, 23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн салтанатта Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын курамынан түзүлгөн топтун мүчөлөрү тарткан видеобаян 130 видеобаяндын ичинен байгелүү 5 мыкты видеонун катарын толуктап, баалуу сыйлыкка татыды.
Бул сынакка Соцфонддун борбордук аппаратынын жана аймактык башкармалыктарынын атынан жалпы 8 видеобаян тапшырылган.
Ошондой эле, бул күнү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Дженишбекович Алиев менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Казакбаевич Мураталиевдин жолугушуусу орун алды. Жолугушуунун жүрүшүндө, кыргыз-тилинин келечегине кам көрүү, иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү, иштелип чыккан терминалогиялык сөздүк тууралуу пикир алмашуу орун алып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев бир катар кызматкерлерге Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак Грамоталарын тапшырып, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан жарык көргөн китептерди белек кылды.
Урматтуу келечектин үмүтү, ой-мүдөөсү болгон биздин сыймыктуу жаштарыбыз, урматтуу кесиптештер, сыйлыгыбыз кут болсун!
Ар дайым Социалдык фонддун атын алдыга сүрөгөн иштерди жарата беришиңиздерге тилектешпиз.