Бекитилген

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун

башкармасынын

04.09.2019-ж.

№ 64 токтому менен

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

кызматкерлеринин кесиптик этикасы жөнүндө

жобо

 

  1. Жалпы жоболор
  2. БулЖобоКыргыз Республикасынын Конституциясына, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык иштелип чыкты, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин жалпыга таанылган адеп-ахлактуулук принциптерине жана ченемдерине негизделген.БулЖобоКыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары – Социалдык фонд) кызматкерлеринин жүрүм-турум жана этикалык ченемдерин бузгандыгы үчүн Социалдык фонддун кызматкерлерине таасир этүүчү чараларын белгилейт.
  3. Кесиптикэтикажөнүндө жобоСоциалдыкфонддунбардык кызматкерлеринежайылтылат.

 

  1. Социалдык фонддун кызматкерлеринин

кесиптик этикасынын түшүнүгү

  1. Социалдыкфонддункызматкерлеринин кесиптикэтикасы – Социалдык фонддо кызмат орундарын ээлеген адамдардын моралдык, маданий жана кесиптик келбетине коомдун талаптарын чагылдырган жүрүм-турум ченемдеринин жана эрежелеринин жыйындысы.
  2. Этикалыкталаптардысактоо – Социалдык фонддун ар бир кызматкеринин милдети.

 

  1. Социалдык фонддун кызматкерлеринин

кесиптик этикасынын максаттары жана принциптери

  1. Кесиптик этика жөнүндө жобо Социалдык фонддун кызматкерлери үчүн төмөнкү максатта этикалык ченемдерди белгилейт:

1) Социалдык фонддун кызматкерлеринин аң-сезиминде коомго жана мамлекетке кызмат кылуунун жогорку адеп-ахлактуу принциптерин калыптандыруу;

2) Социалдык фонддун кызматкерлерине жарандардын ишенимин бекемдөө;

3) Социалдык фонддун кадыр-баркын жогорулатуу.

  1. Социалдык фонддун кызматкерлеринин этикалык принциптери:

1) чынчылдык жана калыстык;

2) жүрүм-турумдагы жөнөкөйлүк жана токтоолук;

3) кызматтык милдеттерин аткарууда ак ниеттүүлүк, жоопкерчилик, кесипкөйлүк;

4) кесиптик этиканын ченемдерин бузуу фактыларына келишпестик.

  1. Социалдык фонддун кызматкеринин кесиптик этика принциптерин жана ченемдерин сактоосу иште милдеттүү шарт болуп саналат жана ишке көтөрүлүүдө, баалоо жүргүзүүдө, кадрлар резервин түзүүдө эске алынат.
  2. Кесиптик этика жөнүндө бул Жобоменен жөнгөсалынбаганмаселелербоюнча жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдери колдонулат.

 

  1. Социалдык фонддун кызматкеринин

 кесиптик этикасынын негиздери

  1. Кесиптик этика жөнүндө жобо төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) кесиптик милдеттер;

2) коррупцияны алдын алуу;

3) жүрүм-турум маданияты.

 

  1. Социалдык фонддун кызматкерлеринин

кесиптик милдеттери

  1. Социалдык фонддун кызматкери өзүнүн социалдык ролун жана мамлекет, коом жана жарандар алдындагы жоопкерчилигин толук түшүнүү менен төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Социалдык фонддун ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алууга;

2) кызматтык милдеттерин ак ниет аткарууга, аларды жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга умтулууга;

3) адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин сактоого, жарандар менен, ошондой эле жогору турган жетекчилер, кесиптештер жана баш ийген кызматкерлер менен болгон мамилелеринде тыкан, кылдат, боорукер жана сылык болууга;

4) кызматтык ыйгарым укуктардын чегинен чыкпоого;

5) коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын алдында жеке жана партиялык кызыкчылыктар басымдуулук кылышын алдын алууга;

6) Социалдык фонддун кадыр-баркын көтөрүүгө умтулууга, Социалдык фонддун жетекчилигин жана Социалдык фонд жүргүзүп жаткан саясатты ачык сындабоого;

7) Мыйзамда белгиленген тартипте, анын ичинде жумушун токтоткондон мезгил ичинде да кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун өзүнө белгилүү болгон фактылары жөнүндө жетекчиликке токтоосуз маалымдоого;

9) этностук, курактык, тилдик, гендердик жана башка белгилери, ошондой эле саясий жана диний көз караштары боюнча кодулоого жол бербөөгө;

10) Социалдык фонд тарабынан белгиленген жумуш убактысында жеке ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат;

11) материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү жана кызматтык маалыматты кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга тыюу салынат;

12) жумуш убагында кызматтан тышкаркы иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.

  1. Социалдык фонддун кызматкери тарабынан

коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу

  1. Социалдыкфонддункызматкерижумушта коррупциянын алдын алууга көмөктөшүүгө милдеттүү.
  2. Социалдык фонддун кызматкерине Социалдык фонддун башка кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштүн фактылары белгилүүболгон учурларда ал бул жөнүндө Социалдык фонддун жетекчисине, ошондой эле Социалдык фонддун коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууга жазуу жүзүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
  3. Эгерде Социалдыкфонддункызматкерижеке маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылса, ал Социалдык фонддун кызматкери катары көрсөтүлбөстөн, кайрылуунун предмети менен гана чектелүүгө тийиш.

 

  1. Жүрүм-турум маданияты
  2. Кесиптештери менен өз ара аракеттенүүдө Социалдык фонддун кызматкери адилеттүүлүктүн, ак ниеттүүлүктүн үлгүсү болууга, жагымдуу моралдык климатты түзүүгө көмөктөшүүгө, өз ара жардам көрсөтүүгө тийиш.
  3. Социалдыкфонддункызматкерикесиптештерине сый мамиле жасап, аларды эл алдында сындабашыкерек.Социалдык фонддун жетекчисинин чечими менен макул болбогон учурда Социалдык фонддун кызматкери ага өзүнүн позициясын жазуу жүзүндө баяндоо менен кайрылууга укуктуу.
  4. Социалдыкфонддункызматкерлерисубординацияны сактоого, кызматтык мамилелердин чегин сактоого, сый-урмат көрсөтүүгө жана кесиптештери менен орой сөздөрдү айтуудан алыс болууга тийиш.
  5. Социалдык фонддун кызматкери кызматтык жүрүш-турушунда адам укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук экендиги жөнүндө конституциялык жоболорго таянууга жана басмырлоочу мүнөздөгү ар кандай сөздөрдү айтуудан жана аракеттерден карманууга тийиш.

 

  1. Жарандар менен мамиле
  2. КызматтыкмилдеттеринаткаруудаСоциалдыкфонддункызматкериобъективдүү жана таасир этүүдөн эркин болуугатийиш.
  3. Жарандар менен болгон мамилелерде Социалдык фонддун кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) туура жана сылык болууга;

2) өзүнүн тартибин жана уюштуруучулугун көрсөтүүгө;

3) майнапсыз иштерди аткарууну, иштерди аткарууда мөөнөтүн создуктурууну  алдын алуу, алардын жеке убактысына аяр мамиле кылуу;

4) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын бир тарабынын кызыкчылыктарын көздөбөө;

5) Социалдык фонддун беделин сактоого.

 

  1. Коомдук иш-чараларга жана

ЖМКга катышуу

  1. Социалдыкфонддункызматкерининжүрүм-турум этикасынынэрежелерирасмий коомдук иш-чараларга жайылтылат.
  2. Коомдукиш-чаралардаСоциалдыкфонддункызматкериэл алдында чыгып сүйлөө методун туура колдоно билүүгө, туура эмес жүрүм-турумдан жана Социалдык фонддун беделине шек келтирген сөздөрдөн алыс болууга тийиш.
  3. Эл алдында чыгып сүйлөөдө Социалдык фонддун кызматкери Социалдык фонддун позициясына туура келген так маалыматты айтууга укуктуу.

 

  1. Социалдык фонддун кызматкеринин

ишин уюштуруу

  1. Социалдыкфонддункызматкерижумушчукүндүн тартибинсактоогожана коюлган милдеттерди өз убагында аткарууга умтулууга милдеттүү.
  2. Социалдыкфонддункызматкерижарандарды кабыл алуу жана иштөө үчүн өзүнүн жумуш ордун ыңгайлуу уюштурушу керек.
  3. Социалдыкфонддункызматкерикызматтык мүлккө аяр мамиле жасоого жана пайдаланууга милдеттүү.
  4. Социалдыкфонддункызматкерианын иши Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын бузууга, Социалдык фондго мүлктүк зыян келтирүүгө, жарандарга моралдык зыян келтириши мүмкүн болгон жагдайлардан качууга тийиш.
  5. Жумушка мас абалында келүүгө же жумуш ордунда спирт ичимдиктерин, баңги заттарды колдонууга тыюусалынат.
  6. Жумуш ордунда тамеки тартууга, өрт жана санитардык коопсуздук эрежелерин бузууга тыюусалынат.

 

  1. Баарлашуу стили
  2. БаарлашуустилиСоциалдыкфонддункызматкеринин маданийдеңгээлинчагылдырат.
  3. Социалдык фонддун кызматкери кесиптештери жана башка адамдар менен баарлашууда ак ниеттик жана ачыктык принциптерин карманышы керек.
  4. Кызматтыкмамилелердебиринчи болуп баш ийгендер жана кызматы боюнча кенже кызматкерлер жетекчилер менен жана кызматы боюнча улук кызматкерлер менен саламдашат, ал эми Социалдык фонддун кызматкерлеринин статусу бирдей болгондо биринчи болуп өзүн сылык жана адептүү деп эсептеген адам саламдашат.
  5. Социалдык фонддун кызматкерлерин бири-бирине тааныштырууда биринчи болуп Социалдык фонддун жогорку кызмат ордун ээлеген кызматкери тааныштырылат.
  6. Кызматтыкаңгемелешүүдө Социалдыкфонддункызматкерисарамжалдуулукка, айкындуулукка жана тактыкка умтулууга тийиш.

 

  1. Социалдык фонддун кызматкеринин

сырткы көрүнүшү

  1. Социалдык фонддун кызматкеринин кызматтык милдеттерин аткарууда сырткы көрүнүшүжарандардыурматтапкөмөктөшүүгө, ишенимдүүлүктү, маанилүүлүктү көрсөтүүгө, расмийликти, токтоолукту, тыкандыкты баса белгилеген жалпы кабыл алынган ишкердик стилге ылайык келүүгө тийиш.
  2. протоколдук иш-чараларга катышкан жана кызматтык иш сапарларда болгон мезгилде Социалдык фонддун кызматкерлерине кийимге карата атайын талаптар коюлушу мүмкүн.
  3. Кийим туруктуу негизде классикалык багытта, ишкердик стилде болушу керек. Кийимдегитүсклассикалык, ишкердикстилгедалкелишикерек, ашыкча ачык түстөр сунушталбайт.Социалдыкфонддункызматкерлеринин кийиминекоюлуучу негизгиталаптар – катуулук, ыңгайлуулук жана сырткы көрүнүшүндө өзүнө тарта турган ачыктыктын жоктугу.

 

  1. Кесиптик этиканын ченемдеринин

бузууларын кароо тартиби

  1. Зарыл болгондо Социалдык фонддун кызматкерлери кесиптик этиканы бузган айрым учурларын кароо үчүн этикабоюнча комиссиятүзүлөт.
  2. Социалдык фонддун 5 кызматкеринен кем эмес санда комиссиянынкурамыаныкталат.Персоналдыкжана сандык курамСоциалдык фонддун төрагасынын буйругу менен бекитилет.
  3. Этика боюнча комиссиянын жыйыны, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укуктуу деп эсептелет.Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болгон учурда анын төрагасынын пикири чечүүчү болуп саналат.
  4. Социалдык фонддун кызматкерлеринин этикасы боюнча комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Социалдык фонддун кызматкеринен ага карата кызматтык териштирүү жүргүзүп жаткан, ал жасаган тартип бузуу жоругунун жагдайлары жөнүндө жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүнү талап кылууга;

 2) Социалдык фонддун кызматкери жасаган тартип бузуу жоругунун жагдайларын объективдүү, толук жана ар тараптуу иликтөөгө багытталган аракеттерди көрүүгө;  

3) Социалдык фонддон, кызмат адамдарынан кызматтык териштирүү үчүн зарыл маалыматтарды суратууга жана алууга.

  1. Этика боюнча комиссия төмөнкүдөй иштерди жүргүзөт:

1) Социалдык фонддун кызматкерлери менен кесиптик этика маселелери боюнча профилактикалык аңгемелешүү жүргүзөт;  

2) кесиптик этиканын ченемдерин сактоонун милдеттүүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берет;

3) Социалдык фонддун төрагасына Социалдык фонддун кызматкерине карата тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;

 4) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди карайт.

  1. Этикабоюнча комиссиямүчөлөрүСоциалдык фонддун кызматкерлери тарабынан этиканын бузулгандыгы жөнүндө чыгып сүйлөөгө, ачык жарыялоого укугу жок.