Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-августундагы №278 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо) пландалууда.

Индексация «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык жүргүзүлөт. Өткөн календардык жылда орточо эмгек акынын жана керектөө бааларынын индексинин өсүшү индексация жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча керектөө бааларынын индекси — 108,2%ды, орточо эмгек акынын өсүшү — 117,6%ды түздү. Индексациялоонун эсептик коэффициенти — 1,13 түздү.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жана пенсионерлерди кошумча колдоо максатында, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон ашпаган өлчөмдө белгиленди.

Мындан тышкары, жаңы пенсия чектөөдө пенсиянын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен анын минималдык өлчөмү 8 800 сомдон төмөн болбошу керек.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2026-жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 832,4 миң адамды түзөт. Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен индексациялоо жүргүзүүгө 4,4 млрд сом каралган.

Боло турган индексациялоонун жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, жогорулатуунун орточо өлчөмү 1 753 сомду түзөт.