Социалдык фонд 2024-жылдын январь-июль айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 5 496,4 млн.сом инвестициялаган.
МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 4 578,8 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,1-17,2% болгон.
2024-жылдын январь-июль айында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:
• жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 572,0 млн.сом;
• депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 456,2 млн.сом;
• МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 8,4 млн.сом.
• башка кирешелер – 2,4 млн.сом;
Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-июль айында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 3 039,0 млн.сом киреше алынган.