Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 1996-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ар бир камсыздандырылган адам боюнча жеке камсыздандыруу эсептеринде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебин жүргүзөт.
Жеке камсыздандыруу эсебинин шарттуу-топтоо бөлүгүндө 1996-жылдан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жөнүндө маалыматтар пенсияны дайындоодо жана кайра эсептөөдө пайдаланылат.
Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү 2010-жылдан тартып пенсиялык топтоолор жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы №745 токтому менен бекитилген Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан төлөп берүү эрежелерине ылайык камсыздандырылган адамдарга инвестициялык кирешени эске алуу менен инвестициялоо жана андан ары төлөө үчүн пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын жарандары жеке камсыздандыруу эсебинен маалыматты өздүгүн күбөлөндүргөн документ менен жеке кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан ала алышат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке камсыздандыруу эсебине Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун сайтындагы “жеке кабинет” жана “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгү бар.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жеке камсыздандыруу эсептерин толуктоо жана тактоо боюнча бир дагы маселени кароосуз калтырбайт, оозеки, ошондой эле электрондук түрдө келип түшкөн ар бир маселе жана ар бир көйгөй иликтенет. Анткени биз жана жарандар үчүн коюлган ар бир маселе бул маалыматтар келечектеги пенсияны дайындоо үчүн зарыл экендиги менен маанилүү.
Жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмөдө пенсиянын экинчи камсыздандыруу бөлүгүнүн алдын ала өлчөмү чагылдырылат жана жарандар аны камсыздандыруу төгүмдөрүн андан ары төлөөнү эске алуу менен болжолдой алышат. Жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөөгө, анын ичинде өтүп кеткен мезгилдерде камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү үчүн өз алдынча камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Белгилүү болгондой, топтомо пенсиялык система Кыргызстанда 2010-жылдан тартып киргизилген, анда 2% өлчөмүндөгү камсыздандыруу төгүмдөрү камсыздандырылган адамдын топтолмо эсебине багытталат. Бул акча каражаттары учурдагы пенсияны төлөө үчүн тартылбайт, бирок топтолуп, инвестицияланат. Пенсиялык төгүмдөрдүн топтолгон бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чоңдугуна гана эмес, ошондой эле бул каражаттарды натыйжалуу башкарууга да көз каранды, анткени алар финансы рыногунун ишине реалдуу катышат.
Кыргыз Республикасынын жарандары жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнөн көчүрмөнү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу жана “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу да ала алышат, бул суроо-талап учурунда канча пенсиялык топтоо бар экенин биле алышат. Инвестициялык кирешени эсептөө камсыздандырылган адамдын жеке кайрылуусу боюнча жекече жүргүзүлөт.
Бардык суроолор боюнча Call-centre-1202, жана 0312-576301 телефону боюнча кайрылсаңыздар болот.