Эл аралык сүйлөшүүлөр кээде гана документтердин макулдашылган беренелери менен гана эсте калат. Тараптар бири-бирин кесипкөй адистер катары гана эмес, жалпы максатта бириккен адам катары да түшүнгөндө гана анык ийгилик жаралат.

Социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашууну даярдоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосунда сүйлөшүүлөр так ушундай өңүттө өттү.

Биринчи жолугушуу 2025-жылы ноябрда Венада өткөн, ал эми 2026-жылдын апрель айында сүйлөшүүлөр Бишкекте улантылды. Улуттук пенсиялык системалардагы жана мыйзамдардагы айырмачылыктарга карабастан, тараптар бардык орчундуу маселелер боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерге тез эле жетишишти. Буга катышуучулардын жогорку кесипкөйлүгү эле эмес, өз ара сый-урмат, ачыктык жана ишеним атмосферасы өбөлгө болду.

Эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан жылдары көптөгөн мамлекеттердин өкүлдөрү менен иш жүргүзүлдү. Бирок, австриялык кесиптештер менен сүйлөшүүлөр эң жагымдуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн бири болду. Алгачкы жолугушууларда эле бизди социалдык камсыздоо маселелерине кесиптик кызыкчылыктардан чоң нерсе бириктирип тураары сезилген.

Эң башкысы – социалдык камсыздоо системасынын негизги милдети мыйзам ченемдерин колдонуу менен гана чектелбестен, биринчи кезекте адамды коргоо экендигине келиштик. Эл аралык макулдашуунун ар бир беренесинин артында адамдардын: эмгек мигранттарынын, пенсионерлердин, майыптардын, баккан адамынан айрылган үй-бүлөлөрдүн чыныгы тагдырлары турат. Мына ушул жалпы түшүнүк биргелешкен ишибиздин бекем пайдубалы боло алды.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө юридикалык туюндурмалар гана эмес, пенсиялык системаларды өнүктүрүү, социалдык адилеттүүлүк, финансылык туруктуулук жана ар кайсы өлкөлөрдө эмгектенип жаткан жарандардын укуктарын коргоо маселелери дагы талкууланды. Улуттук мыйзамдардагы айырмачылыктарга карабастан, социалдык коргоонун негизги принциптери боюнча көз караштарыбыз көп учурда дал келип жатты.

Австриялык кесиптештердин Кыргызстанга, анын маданиятына, салтына жана жаратылышына болгон чын ыкластуу кызыгуусу өзгөчө жагымдуу болду. Мындай жолугушуулар мамлекеттер ортосунда ишеним сүйлөшүүлөрдө гана эмес, ошондой эле бири-биринин тарыхына, маданиятына жана адамдарына сый-урмат менен да калыптанарын дагы бир жолу ырастады.

Биргелешкен иштин жыйынтыгында Макулдашуунун жана Административдик макулдашуунун тексти макулдашылды, ал бардык ички мамлекеттик жол-жоболор аяктагандан кийин эки өлкөнүн жарандарына кайсы өлкөдө иштегенине карабастан, пенсиялык укуктарын сактап калууга мүмкүндүк берет. Бул Кыргызстан менен Австриянын жарандарынын социалдык жактан корголушун чыңдоодо маанилүү кадам болмокчу.

Эл аралык кызматташтык – документтер менен алмашуудан да алда канча чоң нерсе. Бул эң алды тажрыйба, идея жана баалуулуктар менен алмашуу. Ошондуктан австрия делегациясы менен болгон сүйлөшүүлөр ийгиликтүү кесиптик иш катары эле эмес, жалпы баалуулуктар адамдарды жана мамлекеттерди кантип бириктире аларын көрсөткөн үлгү катары да эсибизде калат.

Кол коюлган Макулдашуу өз ара сый-урматка, ишенимге жана жарандардын бакубаттыгы үчүн жалпы жоопкерчиликке негизделген Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосунда социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташтыктын башаты болот деп ишенебиз.

Кыргыз Республикасы тарабынан Макулдашууга кол коюу үчүн зарыл болгон улуттук мыйзамда каралган бардык мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылды. Кызыкдар мамлекеттик органдар менен долбоорду макулдашуу боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлдү, анын укуктук жана лингвистикалык экспертизасы камсыздалды.