🏠 Турак жайды ипотекага алуу же үлүштүк курулушка катышуу үчүн пенсиялык топтоолорду кантип колдонсо болот?

Эгерде сиздин (же жубайыңыздын) жеке камсыздандыруу эсебиңиздин топтоо бөлүгүндөгү каражаттын суммасы 50 000 сомдон ашса, бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана аласыз.

📋 Иш-аракеттердин тартиби:
1️ Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык башкармалыгынан жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнөн көчүрмө алыңыз.
2️ Банкка же курулуш компаниясына кайрылыңыз: алынган көчүрмөнү көрсөтүп, алардан тастыктоочу кат алыңыз (ипотекалык насыя берүү/аны төлөө же үлүштүк курулушка катышуу жөнүндө).
3️ КР Социалдык фондунун аймактык башкармалыгына документтер топтомун тапшырыңыз.

📂 Керектүү документтер:
1) Ипотека үчүн:
• Арыз ээсинин паспорту;
• Нике күбөлүгү (жубайы кайрылган учурда);
• Банктан, каржы-насыялык мекемеден же башка ыйгарым укуктуу уюмдан ипотекалык насыянын жактырылгандыгы, ипотекалык келишим боюнча карыздын бар экендиги же келишим боюнча милдеттенмелердин жарым-жартылай/толук аткарылгандыгы жөнүндө тастыктоочу кат.
2) Үлүштүк курулуш үчүн:
• Арыз ээсинин паспорту;
• Нике күбөлүгү (жубайы кайрылган учурда);
• «МКК» ААКтан, Бишкек же Ош шаарларынын мэрияларынан же курулуш компаниясынан тастыктоочу кат;
• Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан (Мамкаттоодон) Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө (жеке курулуш компанияларынын объекттери үчүн);
• Курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (Мамкурулуштун) объекттин Курулуп жаткан объекттердин реестринде бар экендиги жөнүндө маалыматы.