Топтомо пенсияны алуунун жолдору.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар:

💼1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү:
• Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар болсо “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алган жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

✈️2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:
• Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

👨‍👩‍👧‍👦3. Мураскорлор:
• Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

🎖️4. Аскер кызматкерлерине төлөө:
• Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

🏠5. Ипотекалык насыялоо:
• Ипотекалык насыя алып жаткан же алган адамдарга жана жубайларына турак жай үчүн өздөрүнүн пенсиялык топтоолорун бир жолудан пайдалануу укугу берилет. Бул мүмкүнчүлүк ислам каржылоо принциптерине ылайык — мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө жолу менен турак жай сатып алган жарандарга да тиешелүү.
Мындан тышкары, үлүштүк турак жай курулушуна катышкан, ошондой эле курулуш субъекттери тарабынан салынган даяр объектилер боюнча бөлүп төлөө келишиминин негизинде төлөмдөрдү жүргүзүп жаткан жарандар өздөрүнүн пенсиялык топтоолорун бир нече жолу — колдонулуп жаткан төлөмдөрдү жабууга же баштапкы төлөмдү төлөөгө пайдаланууга укуктуу.

🧑‍💼6. Жумушсуздук:
• Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

🩺7. Оор ооруларды дарылоо:
• Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат. (оор оорулардын тизмесине ылайык шилтеме: https://sf.gov.kg/pensiyalyk-toptoo-karazhattaryn-m%d3%a9%d3%a9n%d3%a9tyn%d3%a9n-murda-aluuga-ukuk-bergen-oor-oorulardyn-tizmesi/ ).

2025-жылдын 1-декабрына карата топтомо каражаттарын төлөөнү каржылоонун статистикасы:
Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 226 354 адам (5 877,8 млн. сом суммасында), анын ичинде:

💼– Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө –199 750 адам (3 100,8
млн. сом);
✈️– Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө –
4 524 адам (254,0 млн. сом);
👨‍👩‍👧‍👦– Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө –11 919 адам (361,9 млн. сом);
🎖️– Аскер кызматчыларына төлөө – 998 адам (11,7 млн.сом);
🏠– Ипотекалык кредит алып жаткандарга – 388 адам (88,2 млн.сом);
🏠 – Ипотекалык кредит алгандарга –7 937 адам (1 787,5 млн.сом);
🏠 – Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө (“МИК” ААК каржылайт) – 341 адам (55,8 млн. сом);
🏠 – Үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 391 адам (82,4 млн. сом);
🧑‍💼– Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга төлөө -316 адам (6,0 млн.сом.);
🩺 – Оор оорулары бар адамдарга төлөө – 790 адам (129,5 млн. сом).

Биз ар кандай шартта жана кырдаалдарда жарандарга колдоо көрсөтүү менен пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга умтулабыз.