Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жарандарга пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мамлекеттер аралык макулдашуулар (келишимдер) түзүлбөгөн мамлекеттерге туруктуу жашоого кеткенге чейин Кыргыз Республикасында чектелген пенсия чет өлкөгө кетерде кайрылган айды эске алганда 3 айлык пенсиясы төлөнөт. Пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө эл аралык келишимдер түзүлгөн мамлекетке туруктуу жашоого кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына чектелген пенсия, эгерде эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, чет өлкөгө туруктуу жашаганга кетип жаткандыгына байланыштуу каттоодон чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдарына арыз берген ай боюнча төлөнөт. 1992-жылдын 13-мартында Москва шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жарандарынын пенсиялык камсыздоо жаатындагы укуктарынын кепилдиктери жөнүндө макулдашууга ылайык пенсионер Макулдашууга катышкан мамлекеттердин чегинде көчкөндө учурда эгерде ошондой эле пенсия пенсионердин жаңы жашаган жери боюнча мамлекеттин мыйзамдарында каралган болсо мурдагы жашаган жери боюнча пенсия төлөө токтотулат. 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуунун алкагында чектелген пенсиялар эмгекчинин (үй-бүлө мүчөсүнүн) тандоосу боюнча дайындаган мамлекеттин аймагында же жашаган мамлекеттин аймагына которуу аркылуу төлөнөт. Карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө (пансионаттарда) жашап жаткан пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруу жана топтомо бөлүктөрү төлөнөт. Пенсиянын камсыздандыруу жана топтомо бөлүктөрү мурда пенсия алган жашаган жери боюнча Социалдык фонддун региондук башкармалыгына тиешелүү социалдык мекемеге кеткендиги тууралуу арыз бергенде «Кыргыз почтасы» ААКнын байланыш филиалдары аркылуу же банк мекемелериндеги пенсионерлердин жеке эсептерине которуу аркылуу төлөнүшү мүмкүн. Пенсионер каза болгондогуна байланыштуу каза болгон айына кошуп эсептелген пенсиянын алынбай калган суммасы ата-энесине, жубайына, балдарына жана башка үй-бүлө мүчлөрүнө, ал эми алар жок болгондо – мураска укуктуу адамга төлөнөт. Пенсионердин каза болгондогуна байланыштуу алынбай калган пенсия төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет. Пенсионер каза болгондо кайрылгандан кийин эки жуманын ичинде анын үй-бүлөсүнө пенсиянын базалык бөлүгүнөн он эселенген өлчөмүндө сөөк коюуга жөлөкпул төлөнөт. Бүгүнкү күндө расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмү 31700 сомду түзөт. Бул жөлөкпулду төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет. Эгерде пенсионердин сөөгү үй-бүлө мүчөсү болбогон адамдар тарабынан коюлса, сөөк коюуга жөлөкпул ырастоочу документтер берилгенде ошол адамдарга төлөнөт. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнбөйт: – дайынсыз жок деп таанылган жана сот тарабынан каза болгон деп жарыяланган пенсионерлерге; – арыз ээси пенсионер каза болгондугу тууралуу маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кийин кайрылган учурда. Пенсиянын базалык бөлүгү – «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген камсыздандыруу стажы бар жана ушул Мыйзамда каралган башка шарттарга жооп берген адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү. Курагы боюнча пенсия чектөө үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стажы жок адамдарга пенсиясынын базалык бөлүгү пенсиянын базалык бөлүгүн болгон стажына көбөйтүү жана зарыл болгон стажга бөлүү аркылуу болгон стажына пропорционалдуу эсептелет. Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет жана бүгүнкү күндө 3170 сомду түзөт. Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоо максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланып турат. Индексацияга алып келген өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүн индексация жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. Бүгүнкү күндө пенсия пенсионердин каалоосу боюнча үстүдөгү ай үчүн төлөнөт: – «Кыргыз почтасы» ААК байланыш бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жашаган жерине жеткирүү аркылуу; – Социалдык фонд менен республиканын коммерциялык банктарынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде банк мекемелериндеги карт эсептерине которуу аркылуу; – почта которуулар аркылуу. Социалдык фонд менен коммерциялык банктардын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык пенсия алуучуларга колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу «Пенсионердин картасы» Элкарт картасынын чыгаруу жана аны кайра чыгаруу акысыз негизде жүргүзүлөт. Банктын башкы кеңсесине же банктын тиешелүү филиалдарына кайрылуу керек. Пенсионердин каалоосу боюнча пенсия Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү ишеним кат боюнча төлөнүшү мүмкүн. Аталган пенсия жарактуу мөөнөтү бир жылдан ашып кеткен ишеним кат боюнча берилген ишеним каттын жарактуулугу жыл сайын ырасталган шартта ишеним каттын бардык мөөнөтүндө төлөнөт. Бул мөөнөт аяктагандан кийин пенсионер инсандык күбөлүгү менен пенсия алуу үчүн өзү келип жаңы ишеним кат көрсөтүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 203-беренесинин 3-пунктуна ылайык ишеним кат нотариалдык органдар, айыл өкмөттөрү, стационардык дарыланууда болгон учурда ооруканалардын башкы дарыгерлери, түзөтүү мекемелеринин башчылары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте берилет. Кыргыз Республикасынын элчиликтери жана башкы консулдуктары тарабынан берилген ишеним кат да пенсия төлөө үчүн кабыл алынат. Пенсия алууга арналган чет өлкөдө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат ишеним кат берген адам тарабынан жокко чыгарылганга чейин күчүндө болот, бирок анын жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөсө, 3 жылдан ашпайт. Ишеним каттар расмий тилге которулушу керек. Пенсия жана башка төлөмдөрдү төлөө төмөнкү учурларда токтотула турат: а) пенсионер дайындалган пенсиясын удаасы менен үч ай бою албаса – мөөнөтү өткөн айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып пенсия алынбай калган бүткүл мезгилге; б) майып-пенсионер медициналык-социалдык эксперттик комиссия кайтадан күбөлөндүрүү дайындаган мөөнөткө келбей койгондо – кайтадан күбөлөндүрүүнүн көрсөтүлгөн мөөнөтү өтүп кеткен айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып үч айга; в) кесиптик башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окугандыгын тастыктаган документтер берилбегенде – ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 4-пунктуна ылайык багар-көрөрүнөн айрылганына байланыштуу пенсия алган окуучу же студент төрөлгөн айдан кийинки айдан тартып үч айга. Жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар четтетилгенде пенсияларды төлөө ал токтотула турган күнгө карата кандай өлчөмдө төлөнүп келсе, ошол өлчөмдө кайтадан башталат. Пенсия төлөө төмөндөгүдөй учурларда токтотулат: а) пенсионер каза болгондо, ошондой эле белгиленген тартипте каза болду же дайынсыз жок болду деп табылган учурда – пенсионер каза болгон, же болбосо каза болду же дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндөгү тиешелүү чечим күчүнө кирген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып; б) пенсия токтотула турган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин – аталган мөөнөт аяктаган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып; в) пенсионер өзүнө дайындалган пенсияга болгон укугун жоготкондо (пенсияга болгон укугун тастыктаган маалыматтардын аныктыгын төгүндөгөн жагдайлар же документтер табылганда; адамды майып деп табуунун мөөнөтү аяктаганда; багар-көрөрүнөн айрылган адам эмгекке жарамдуу болуп калганда) – аталган жагдайлар же документтер табылган, же болбосо майыптыктын мөөнөтү аяктаган, же тиешелүү адам эмгекке жарамдуу болуп калган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып. – Камсыздандырылган адамдын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү жүзөгө ашырылат: – “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алуучу жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге; – пенсияга чыгууга укуктуу жана камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар, “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия чектөөгө кайрылган адамдарга; – Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого көчүп кеткен жана көчүп жатышкан, жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга; – каза болгон, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна; – “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан, жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар пенсионерлерге; – ипотекалык кредит алып жаткан же алган, ошондой эле “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада; – ушул Эреженин негизинде аталган Пенсиялык топтоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине ылайык оор оорулары бар адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине, өздүк камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болсо. – белгиленген тартипте расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдарга төлөм. Жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде, пенсиялык топтоолорунан каражаттарды алуу үчүн каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлору каза болгон камсыздандырылган адамдын жашаган жериндеги Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органына белгиленген арыз менен кайрылат. Арызга төмөнкү документтер тиркелет: – мураскордун ким экенин тастыктаган документ; – мураска укугу жөнүндө күбөлүк же мураска калган мүлктү бөлүү жөнүндө нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн макулдашуу; – камсыздандырылган адамдын – мурас калтыруучунун каза болгондугу жөнүндө күбөлүк керектелет. Алгачкы төлөмдү каржылоо же колдонуудагы ипотекалык кредитти жабуу, ошондой эле “ГИК” ААК тарабынан каржылануучу мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижарага алуу келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө үчүн бир жолку төлөм төлөм тапшырмасын берүү жолу менен бир жолу жүргүзүлөт. пенсиялык топтоолорду банктык ырастамада көрсөтүлгөн банктык эсепке которуу үчүн. Расмий жумушсуз деп таанылган жарандар пенсиялык топтомо эсебинде каражаттары бар болгон шартта, эмгекке жарамдуу калк үчүн белгиленген жашоо минимумунан ашпаган өлчөмдө, үч айдан ашпаган мөөнөттө, ай сайын бир жолудан топтомдорун алууга укуктуу. 2024-жылга карата Бишкек шаары боюнча орточо айлык эмгек акы 30749 сомду түзөт. Билдирүү төлөөчү катталган жердеги Социалдык фонддун райондук башкармалыгы тарабынан берилет. Тигүү өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын 40% нын 12% ын төлөшөт, анын ичинен иш берүүчү үчүн 6% жана кызматкер үчүн 6%. 1996-жылдын январынан берки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү жеке камсыздандыруу эсебинде камсыздандыруу төгүмдөрүн топтоо максатында Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн Пенсиялык фондго ар кандай өлчөмдө, бирок орточо айлык эмгек акынын 8 пайызынан кем эмес өлчөмдө төлөй алышат. Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү каттоо, төлөөчүнүн юридикалык дареги боюнча, юридикалык жактардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүн (филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн) ишин жүргүзгөн жери боюнча жана жеке жактарды жашаган же экономикалык ишин жүргүзгөн жери боюнча Социалдык фонддун райондук башкармалыктары тарабынан жүргүзүлөт. Ыктыярдуу төлөө ар кандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8 пайыздан кем эмес же орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздан кем эмес болушу мүмкүн. Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө үстүдөгү ай жана кийинки мезгил үчүн гана жүргүзүлөт. Юридикалык жакты кайра каттоодо, Социалдык фонддун органдарын кабарлоо каттоочу орган тарабынан “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жүргүзүлөт. Жеке камсыздандыруу эсеби арыз жана паспортун көрсөтүү менен Социалдык фонддун органдары тарабынан берилет. Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Мыйзамында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары боюнча жүзөгө ашырат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса. Кайрылуу келип катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат, эгерде кайрылууну кароо үчүн текшерүү жүргүзүү, (экспертиза) кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учур болсо, кароонун мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок 30 календардык күндөн ашпоого тийиш. Суроо-талаптар 30 календардык күндүн ичине каралат, эгерде кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учур болсо, кароонун мөөнөтү бир айга узартылышы мүмкүн. Жаран өзүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунда милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун атына өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын (эгер болсо акыркысы), жооп жөнөтүүгө тийиш болгон телефон номерин, почта дарегин көрсөтүп, сунуштун, арыздын же даттануунун маанисин баяндайт, жеке колун жана датасын коет. Жарандын арызы же даттануусу негиздүү болууга тийиш. Зарыл болгон учурда аларга жарандын жүйөлөрүн ырастаган документтер тиркелет. Кайрылуулардын жообун почта аркылуу, электрондук дарек аркылуу, өз колу менен же ишеним кат боюнча алууга болот. “Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык камсыздандырылган адам жашаган жери же иштеген жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтарды алууга укуктуу. Жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду камсыздандырылган адамдарга жеке камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтарды жылына бир жолу акысыз жиберип турат. Ошондой эле жеке камсыздандыруу эсебинен маалымат камсыздандырылган адам электрондук дарегин көрсөтүп Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун socfond.kg порталында мамлекеттик кызмат алууга катталган учурда жарандарга электрондук түрдө берилет, анын жардамы менен камсыздандырылган адам каалаган убакта интерактивдүү режимде жеке камсыздандыруу эсебине кире алат. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун socfond.kg порталында жеке кабинетине кирүү үчүн жаран МКК КТБ (ЦОН) кайрылып, электрондук кол тамга алуу үчүн каттоого арыз бериши керек. Же “Түндүк” тиркемеси аркылуу аталган көчүрмөнү алууга болот. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык юридикалык жана жеке жактар белгиленген тарифтер боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн категориясына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт жана бул маалыматтар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомосттору иштелип чыккандан кийин камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине түшөт. Социалдык фонддун жекече эсепке алуу маалымат базасында иш менен камсыз кылуу жана 1996-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна иш берүүчүлөр тарабынан кызматкерлерге берилген камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтар камтылат. Жеке камсыздандыруу эсебинде маалыматтар жок болгон учурда же стажы, эмгек акысы боюнча башка суроолор пайда болгон учурда жаран иштеген уюм жайгашкан жердеги Социалдык фонддун райондук органдарына жумуш берүүчү тарабынан берилген жумуштуулук жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө билдирүүлөрдүн архивин көтөрүү үчүн кайрылуу керек. Кайрылган адам жөнүндө маалымат болсо билдирүүлөрдө жеке камсыздандыруу эсеби жетишпеген маалыматтар менен толукталат же тиешелүү оңдоолор жүргүзүлөт. Билдирүүдө ошол адам жөнүндө билдирүүлөр же маалыматтар жок болгон учурда Социалдык фонд уюмга же мамлекеттик архивге маалыматтарды тактоо же талап кылуу үчүн суроо-талап берет. Жеке камсыздандыруу эсебиндеги маалыматтарды тактоо, толуктоо үчүн жаран биринчи кезекте Социалдык фонддун органдарына кайрылуу керек. 1996-жылдын январынан берки мезгил үчүн камсыздандыруу стажын калыбына келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле юридикалык жактар жеке жактардын пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн ар кандай өлчөмдө, бирок Пенсиялык фондго айына орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8 пайыздан кем эмес төлөшү мүмкүн. Камсыздандырылган адам пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө үчүн Социалдык фонддун региондук органына төмөнкү учурларда кайрылат: – жарандар пенсияга чыкканда; – жарандыгын алмаштырганда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде; – жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар каза болгон жарандардын мураскорлору; – ипотекалык кредит алып жаткан же алган, ошондой эле “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (“МИК” ААК) тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына 50 000 сомдон кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада; – жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолор болсо пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине (мындан ары – Оорулардын тизмеги) ылайык оор оорулары бар адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине; – жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болсо, пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмесине ылайык оор оорулары бар жарандарга; – белгиленген тартипте расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдарга. Соцфонддун Окуу борбору мекемеси 2009-жылдын 15-майынан бери ишмердигин Уставдын негизинде жүргүзүп келет, негизги функциялары-бул: Негизги милдети болуп КРСФнун адистерин даярдоо, кайрадан даярдоо жана кесиптик денгээлин жогорулатуу, калкка мамлекеттик социалдык милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы маалыматтарды жеткирүү менен калктын пенсиялык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. Окутуулар Соцфонддун борбордук аппаратынын башкармалыктарынын начальниктери жана бөлүмдөрүнүн башчылары менен макулдашылган, Социалдык фонддун жетекчилиги бекиткен окуу пландары жана программалары боюнча жүргүзүлөт. Социалдык фонддун региондук органдарынын кызматкерлери үчүн окуу пландарын жана программаларын түзүүдө алардын сунуштары эске алынат. Окуутуу формасы: – өндүрүштөн үзгүлтүксүз; – аралыктан(дистантно). Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жогорку жана орто атайын билими бар кызматкерлери жана Социалдык фонддо алты айдан кем эмес иш стажы бар кызматкерлерди, иштөө багытын, билимин, ээлеген кызмат ордун эске алып окуучулардын топко комплектенет. Борбордун жетекчилери, борбордун кызматкерлери жана Борбордун окуучуларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн Социалдык фондунун борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жетекчилери кирет. КР Билим жана илим министрлиги тарабынан берилген мөөнөтсүз лицензияларынын негизинде, кошумча билим берүү каралган, “КРнын Социалдык фондунун кызматкерлерин даярдоо жана кайрадан даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, физикалык жана юридикалык жактарды мамлекеттик социалдык камсыздоо жана пенсия менен камсыз кылуу” боюнча, мындан сырткары “Англис тили”, ”Кыргыз тили”, “Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит”, “1С бухгалтерия”, “Компьютердик курстарды” окутуу жана уюштуруу менен ишке ашырылат. Бул жаатта каалоочулар үчүн шарттар түзүлүп, уюшулган топторго окутуу курстары өткөрүлөт. Бишкек шаарында жайгашкан министерство-ведомстволордун, мекеме-ишканалардын, жеке ишкерлерге, тигүүчү цехтердин, курулуш компанияларынын эмгек жамааттарына жана ЖОЖдун, орто жана атайын окуу мекемелеринин студенттерине, профессордук-педагогикалык жамааттарына маалымат жеткирүү менен алектенет. Мындан сырткары, пенсия жашындагы жарандарга “Компьютердик курстарды” бекер уюштуруп турат. Пенсионердин каалоосу боюнча пенсия Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү ишеним кат боюнча төлөнүшү мүмкүн. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте берилген ишеним каттын жарактуулугу жыл сайын тастыкталып турса, аталган пенсияны жарактуу мөөнөтү бир жылдан ашып кеткен ишеним кат боюнча төлөп берүү ишеним каттын бүткүл жарактуу мөөнөтүнүн ичинде жүргүзүлөт. Пенсиялардан кармап калуу төмөндөгү негиздер боюнча гана: – аткарылышы Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттук чечимдерди аткаруу үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлө турган соттук чечимдердин, аныктамалардын, токтомдордун жана өкүмдөрдүн (мүлктүк жаза-чаралары жагында), нотариалдык конторалардын аткаруучу жазууларынын жана башка чечимдердин жана токтомдордун негизинде; – Социалдык фонддун аймактык органдарынын пенсионер тарабынан кыянаттык кылуунун натыйжасында (атайылап анык эмес жазылган маалыматтары бар документтерди берүүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды бербөөнүн натыйжасында) ага ашык төлөнгөн пенсиялардын суммасын өндүрүп алуу үчүн чыгарылган чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт. Пенсионердин өлгөндүгүнө байланыштуу алынбай калган пенсияны ата-энеси, жубайы, балдары бирдей үлүштөрдө алууга, ал эми алар жок болгондо – мураска укуктуу үй-бүлө мүчөлөрү алууга укуктуу. Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, ырастоочу документтер берилгенде көмүү пособиеси ошол адамдарга төлөнөт. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жонүндө Кодексинин 354-беренесине ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү жана төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузуу, – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Пенсиянын эсептелип, бирок пенсионер өз убагында албаган суммалары өткөн мезгилдеги, бирок эсептелген пенсияны алуу үчүн кайрылган учурдан мурдагы 5 жылдан ашпаган убакыттагысына төлөнүп берилет. Пенсияны төлөгөн органдын күнөөсү боюнча өз убагында алынбаган пенсиялардын суммасы өткөн мезгил үчүн мөөнөтү чектелбестен төлөнүп берилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүлүүчү Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдардын тизмегиндеги адамдарга соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып, жазасын өтөөдөн бошотууга чейин пенсия чектөөгө жана төлөөгө, ошондой эле ишеним кат боюнча пенсия төлөөгө тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын жарандары башка өлкөгө туруктуу жашоого кеткенден кийин пенсия төлөнөбү?
Карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө жүргөн пенсионерлерге пенсиянын кайсы бөлүгү төлөнөт?
Пенсионер каза болгондо пенсиянын алынбай калган суммасы кимге төлөнөт?
Пенсионер каза болгондо расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул кимге төлөнөт?
Пенсиянын базалык бөлүгү деген эмне?
Пенсия кайсы мекемелер аркылуу төлөнөт?
Пенсионерлердин Элкарт «Пенсионердин картасы» банктык картасынын мөөнөтү өтүп кетсе, кайда кайрылууга болот?
Кандай учурларда пенсия ишеним кат боюнча төлөнөт?
Кандай учурларда пенсияны төлөө токтотула турат же токтотулат?
Топтолуучу пенсиялык төлөмдөрдү алуунун кандай жолдору бар? жана аны кайсыл учурларда алса болот?
Каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлору кайсыл убакта жана кандай документтерди тапшыруусу керек?
Ипотеканы төлөө үчүн пенсиялык топтогон акчаңызды канча жолу колдоно алса болот?
Жумушсуз калган жарандар пенсиялык топтомдорун кантип ала алышат?
2024-жылга карата Бишкек шаары боюнча орточо айлык эмгек акы кандай сумманы түзөт?
Камсыздандыру төлөмдөрүн төлөөчүнүн билдирүүсүн кантип алсам болот?
Тигүү өндүрүшү менен алектенген жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери кандай суммада каралган?
Камсыздандыруу стажын кантип калыбына келтирсе болот?
Социалдык фонддо камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү катары кантип катталуу керек?
Камсыздандыруу төгүмдөрүн ыктыярдуу төлөө кандай жүргүзүлөт?
Кайра каттоодо төлөөчү Социалдык фонддун органдарына билдириши керекпи?
Жеке камсыздандыруу эсебин кайдан жана кантип алууга болот?
Чет өлкөлүк жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн кандай төлөшөт?
Жарандардын кайрылууларынын кароо мөөнөтү канча күн?
Эл аралык суроо-талаптар канча убакытта каралат?
Жарандардын кайрылууларынын кат жүзүндөгү формасы кандай болуш керек?
Кайрылуулардын жообун кантип алууга болот?
Жеке камсыздандыруу эсеби менен кантип таанышууга/алууга болот?
Жаран жеке камсыздандыруу эсебин жетишпеген маалыматтар менен кантип толуктап же зарыл болгон учурда өзгөртүүлөрдү киргизе алат?
1996-жылдан кийин камсыздандыруу стажын кантип калыбына келтирсе болот?
Пенсиялык топтоолорду ким ала алат?
Соцфонддун Окуу борбору мекемеси качан уюшулган жана анын негизги фукциялары кандай?
Окутуу тартиби кандай ыкма менен жүзөгө ашырылат?
Окуу Борбордон кимдер билим ала алат?
Окуу борборунун окутуучулары булар кимдер?
Окуу борборунун лицензиялары иш жүзүнө кандайча ашырылат?
Пенсияны ишеним кат аркылуу төлөөгө болобу?
Кандай документтердин негизинде пенсияларды кармап калат?
Пенсионердин өлгөндүгүнө байланыштуу алынбай калган пенсияны алууга ким укуктуу?
Эгерде пенсионерди көмүү анын үй-бүлө мүчөсү болуп эсептелбеген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылса, көмүү пособиеси төлөөбү?
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен байланышкан документтерди берүү жана/же төлөмдөрдү төлөө мөөнөттөрүн бузуу үчүн кандай жоопкерчилик каралган?
Өткөн мезгил үчүн пенсия төлөнөбү?
Террористтик жана экстремисттик ишке же массалык кыргынсалуучу куралдарды таратууга катыштыгы бар адамдарга пенсия эсептелип төлөнөбү?