Урматтуу ардагерлер, кадырлуу улуу муундун өкүлдөрү!

Сиздерди, 1-октябрь – Эл аралык карылар күнү менен Социалдык фонддун эмгек жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Бул күн өмүрүн эмгекке, өлкөнүн өнүгүүсүнө жана кийинки муунду тарбиялоого арнаган улуу муунга болгон терең урмат-сыйыбыздын жана ыраазычылыгыбыздын символу болуп саналат.

Улуу муунга кам көрүү ар дайым мамлекеттин жана Социалдык фонддун өзгөчө көңүл чордонунда турат. Биз ар бир пенсионер коомдун колдоосун сезип, эртеңки күнгө ишеним менен жашоосу үчүн бардык аракеттерди көрүп келебиз.

Бүгүн, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып, пенсияларды индексациялоо чечими күчүнө кирди.
– Камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго чейинки пенсиялар 10% га, бирок 600 сомдон кем эмес өлчөмдө жогорулатылат.
– Пенсиясы 50 миң сомдон ашкан пенсионерлердин пенсиясы 5 миң сомго көбөйтүлөт.

Натыйжада өлкө боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 11 226 сомдон түздү. Бул — улгайган жарандардын социалдык корголушун чыңдоого жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган кезектеги маанилүү кадам.

Ардактуу аталар, апалар сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр, бакыт жана үй-бүлөңүздөргө тынчтык, береке каалайм. Ар бир күнүңүздөр жакындарыңыздардын курчоосунда сый-урмат менен коштолсун!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев