Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери ишембиликке чыгышты
2026-жылдын 14-мартында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жөнүндө жана 2023–2025-жылдарга тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү тууралуу иш-аракеттер планы» Жарлыгын аткаруунун алкагында республикалык ишембиликке катышышты.
Иш-чара Бишкек шаарындагы Абай көчөсүнөн баштап Медеров көчөсүнө чейин жайгашкан Гастелла сейил багында өттү.
Ишембиликтин жүрүшүндө кызматкерлер тротуарларды шыпырып, газон аймактарын тазалап, сейил бактын аймагындагы тиричилик калдыктарын жыйнашты.
Таза шаар — баарыбыздын жоопкерчилигибиз.

Русский