Социалдык фонддун Окуу борборунда Эл аралык эне тил күнүнө карата видеоконференция өттү.
Бүгүн 21-февраль Социалдык фонддун Окуу борбору тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө карата видеоконференция болуп өттү. Иш-чарага Социалдык фонддун райондук жана шаардык башкармалыктарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Конференциянын алкагында «Эл аралык эне тил күнү» жана «Социалдык фонддун коррупцияга каршы ишинде мамлекеттик жана расмий тилдердин мааниси» аттуу видеобаяндар көрсөтүлдү.
Негизги баяндамачы катары Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана лингвистикалык экспертиза жүргүзүү секторунун башкы адиси чыгып сүйлөштү.
Жыйындын соңунда Окуу борборунун директору «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» багытында эне тилдин баалуулугу, туура сүйлөө маданияты жана жарандык коргонуу маселелери боюнча маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.

Русский