Социалдык фонддун кызматкерлери шаардык ишембиликке катышты.

2025-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жана Бишкек шаарындагы төрт райондук башкармалыктарынын кызматкерлери борбор калааны көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча жалпы шаардык ишембиликке активдүү катышты.

Ишембилик Бишкек шаарындагы Сагынбай Манасчы жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аймакта өткөрүлдү. Ишембиликтин алкагында таштандылар жыйналып, аймак санитардык жактан тазаланды.

Социалдык фонд коомдук жайларды көрктөндүрүү жана шаарды таза сактоо боюнча демилгелерди туруктуу колдоп келет.