Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жарандарга жана кызматкерлерге заманбап, ынгайлуу шарттарды тузуу боюнча узгултуксуз
иш алып барып жатат. Жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык
фондунун Ленин жана Октябрь райондук башкармалыктары иш процессин уюштуруунун жана калкты тейлөөнүн заманбан талаптарына жооп берген
жаны административдик имараттарга көчүштү.

Жаны жайлар керектуу инфраструктура менен жабдылган, бул корсетулген кызматтардын сапатын жогорулатууга, кызматкерлердин эмгек шарттарын
жакшыртууга жана пенсионерлер учун ынгайлуу шарттарды тузууго
мумкундук берет. Аймактык бөлүмдөрдүн  инфраструктурасын жакшыртуу боюнча төмөнкү
иштер жүрүп жатат: Социалдык фондунун Алай райондук бөлүмү жаны имаратка ээ болду; Чон-Алай райондук бөлүмүндө курулуш иштери жүрүп жатат; Сокулук жана Манас райондорунда жаны имараттарды курууга даярдык көрүлүүдө.
Бул долбоорлор аймактык бөлүмдөрдүн шарттарын жакшыртууга жана
жарандардын жашаган жерине карабастан, сапаттуу мамлекеттик
кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду аймактык бөлүмдөрдүн модернизациялоо, инфраструктураны өнүктүрүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн   сапатын жогорулатуу багытында ишин уланта берет.