Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев:

Урматтуу мекендештер!

2024-жыл Социалдык фонд үчүн жогорку көрсөткүчтөргө бай жыл болду. Январь-ноябрь айларында камсыздандыруу төгүмдөрү быйылкы жылга 69 миллиард сом план коюлган, жылдын аягына чейин 73 миллиард сом түшөт деп күтүп жатабыз. Жылдын жыйндыгы менен 4 миллиард сом профицит менен чыгабыз.

Пенсиялардын деңгээлин жогорулатуу – биздин башкы максатыбыз. 2024-жылдын 1-октябрынан тартып минималдык пенсия 6900 сомду түздү, ал эми орточо пенсия 10 621 сомго жетип, 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйдү. Индексациянын натыйжасында бардык пенсионерлер жашоо минимумунан жогору деңгээлде камсыз болду.

Пенсиялык системада бир катар реформалар жүргүзүлүп, базалык бөлүк жогорулатулуп, төлөө шарттары жакшыртылды. 2025-жылы пенсиялык камсыздоону жакшыртууга багытталган иш-чараларды улантабыз.

Улуу муунга камкордук көрүү – мамлекетибиздин ыйык милдети!