2025-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасында колдонулган терминдердин, сөз айкаштарынын орусча-кыргызча сөздүгүнүн» презентациясы болуп өттү.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы —  Мелис Мураталиев, ошондой эле аталган комиссиянын алдындагы Терминологиялык комиссиянын төрагасы —  Каданбай Бактыгулов, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору —  Темирбек Осмоналиев, Терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү — КР ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги —  Айбек Орозакунов, Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору — Аттокур Джапанов, Социалдык фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана видео конференция аркылуу ведомстволук мекемелердин жана региондук башкармалыктардын жетекчилери катышты.

 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасында колдонулган терминдердин, сөз айкаштарынын орусча-кыргызча сөздүгү» Социалдык фонддун тарыхындагы алгачкы эмгек экендигин жана кызматкерлерге иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүдө усулдук курал болорун баса белгиледи.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар сөздүк боюнча сунуштарын, сын-пикирлерин билдиришти.

«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасында колдонулган терминдердин, сөз айкаштарынын орусча-кыргызча сөздүгү» Социалдык фонддун мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана лингвистикалык экспертиза жүргүзүү сектору тарабынан түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Терминологиялык комиссия тарабынан чыгарылды.  Сөздүктө 5 миңге жакын термин, сөз айкаштары камтылды.