Социалдык фонддо “Аялдарга карата зомбулукту жоюу” темасында маалыматтык иш-чара өткөрүлдү.
🗓 2025-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин демилгесине ылайык, “Социалдык фонддун Окуу борбору” мекемесинде “Аялдарга карата зомбулукту жоюу” аттуу маалыматтык иш-чара өттү.
🔹 Иш-чаранын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин өкүлү зомбулуктун алдын алуу боюнча мыйзамдык негиздер жана укуктук жоопкерчилик тууралуу маалымат берди. Ошондой эле иш-чарага чакырылган адис (үй-бүлөөлүк психолог) катышуучулар менен зомбулук кырдаалдарында жүрүм-турум, коргонуу ыкмалары жана психологиялык колдоо боюнча ой бөлүштү.
👥 Социалдык фонддун борбордук аппаратынан жана бөлүмдөрүнөн өкүл кызматкерлер катышышты.