Эл аралык карылар күнүнө арналган бир айлыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өлкөбүздүн бардык аймактарында улуу муундун өкүлдөрүнө арналган жылуу маанайдагы иш-чараларды уюштурду.
Бул майрамдык саамалык ардактуу эс алууда жүргөн жарандарга көңүл буруу, аларга сый-урмат көрсөтүү жана коомубузга кошкон зор эмгегин белгилөө максатында өткөрүлдү.
Айлыктын алкагында Талас, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында пенсионерлар үчүн концерттик программалар, маданий кечелер жана чай үстүндө баарлашуу уюштурулду. Ысык-Көл облусунда пенсионерлерге майрамдын урматына азык-түлүк баштыктары тапшырылды.
Иш-чаралардын жүрүшүндө улуу муундун өкүлдөрү сүйүнүчтөрүн жашырбай, ыраазычылыктарын билдирип, өлкө жетекчилигине жана Социалдык фондго баталарын беришти.
Эл аралык карылар күнүнө карата жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан бул иш-чара улуу муунга болгон терең урмат-сыйдын, ыраазычылыктын жана социалдык камкордуктун айкын көрүнүшү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду бардык пенсионерлерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана узун өмүр каалайт!
Русский










