Социалдык фонд Кыргызстандын мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган сынакта жеңүүчү аталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы №270 Жарлыгынын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата өткөрүлгөн төрт айлыктын алкагында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия уюштурган сынактын экинчи этабынын жыйынтыгы жарыяланды.
Сынактын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ала-Бука райондук башкармалыгы тарабынан тартылган видеобаян 5 мыкты видеонун катарына кирип, байгелүү 1 орунга ээ болду.
Ошондой эле, Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Ала-Бука райондук башкармалыгынын жетекчиси Абдиназаров Сагынбек Чаткалбаевичти жана анын командасын ийгиликтери менен куттуктап, аларга мамлекетке жана коомго кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.
Ала-Бука райондук башкармалыгынын кызматкерлерин куттуктайбыз! Сиздердей мекенчил жана кесипкөй кызматкерлердин аракети менен мамлекетибиздин келечеги дагы да жарык болот деп ишенебиз!