Социалдык фонд аймактык башкармалыктардын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду өзүнүн аймактык башкармалыктарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытындагы иштерин ырааттуу улантууда.
Бул иш-чаралардын алкагында Социалдык фонддун регионалдык/шаардык башкармалыктарына ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet Tracker маркасындагы кызматтык автоунаалар тапшырылды.
Автопаркты жаңылоо кызматкерлердин мобилдүүлүгүн арттырууга, жарандарды ыкчам тейлөөнү камсыздоого, ошондой эле пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Жалпысынан алганда, акыркы бир жыл ичинде Социалдык фонддун аймактык башкармалыктына ата мекендик өндүрүштөгү 38 автоунаа берилди. Бул социалдык камсыздандыруу тутумунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошулган маанилүү салым болуп саналат.
Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи:
«Аймактык бөлүмдөрдү заманбап кызматтык унаалар менен камсыздоо жер-жерлердеги иштин ыкчамдыгын жогорулатууга, жарандарды тейлөө сапатын жакшыртууга жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт. Биз тутумду модернизациялоо жана Социалдык фонддун ишинин натыйжалуулугун арттыруу боюнча иштерди ырааттуу түрдө улантабыз».
Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.
Русский