Соцфондго бир айда миңден ашык кайрылуу түштү 📈

2026-жылдын январь айында Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына жалпы 1012 кайрылуу келип түшкөн.

📊 Статистика:
📞 Ишеним телефону аркылуу — 550
📱 Уюлдук ишеним телефонуна — 335
🗣 Оозеки кайрылуулар — 80
✍️ Жазуу түрүндө — 37
🤝 Жетекчиликтин кабыл алуусунда — 10 жаран.

Элди эмне кызыктырат? Эң көп суроолор пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу, индексациялоо, туура эсептөө жана топтоо бөлүгүн алуу боюнча берилүүдө.

Бардык суроолор боюнча адистер мамлекеттик жана расмий тилдерде толук жооп беришти.