КР Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 5922 кайрылуу келип түштү, анын ичинде:

  • Жазуу түрүндө келип түшкөн кайрылуулардын саны- 295; 
  • Оозеки кайрылуулар – 754; 
  • КР Социалдык фондунун жетекчилиги тарабынан кабыл алында – 76 жаран; 
  • Ишеним телефондору аркылуу — 3300; 
  • Уюлдук ишеним телефону аркылуу —1497; 
  • Колл-борбор аркылуу — 14 566, анын ичинен 3505 телефон чалуулар, 11061-чат аркылуу кайрылуулар.

Жарандар төмөнкү багыттагы суроолор менен кайрылышат:

  • Пенсия чектөө;
  • Пенсияга укугу боюнча; 
  • Пенсияларды индексациялоо;
  • Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө; 
  • Пенсиялардын өлчөмүн кайра эсептөө боюнча; 
  • Пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө боюнча; 
  • КР Социалдык фондунун ишмердүүлүгү боюнча башка суроолор;

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилде  жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Сурооңуз болсо, кайрылыңыз! 

Байланыш телефондору: 0312 57 66 61; 0312 54 33 16; 0555 64 04 16; 

Колл-борбор-1202.