КР Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2025-жылдын январь-сентябрь айларында 5922 кайрылуу келип түштү, анын ичинде:
- Жазуу түрүндө келип түшкөн кайрылуулардын саны- 295;
- Оозеки кайрылуулар – 754;
- КР Социалдык фондунун жетекчилиги тарабынан кабыл алында – 76 жаран;
- Ишеним телефондору аркылуу — 3300;
- Уюлдук ишеним телефону аркылуу —1497;
- Колл-борбор аркылуу — 14 566, анын ичинен 3505 телефон чалуулар, 11061-чат аркылуу кайрылуулар.
Жарандар төмөнкү багыттагы суроолор менен кайрылышат:
- Пенсия чектөө;
- Пенсияга укугу боюнча;
- Пенсияларды индексациялоо;
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
- Пенсиялардын өлчөмүн кайра эсептөө боюнча;
- Пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө боюнча;
- КР Социалдык фондунун ишмердүүлүгү боюнча башка суроолор;
Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолорго мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.
Сурооңуз болсо, кайрылыңыз!
Байланыш телефондору: 0312 57 66 61; 0312 54 33 16; 0555 64 04 16;
Колл-борбор-1202.
Русский