Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2025-жылдын январь-апрель айларында 2584 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 140;
  • ооз эки кайрылуулар – 354;
  • КР Социалдык фондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 44 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 1341;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 705.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулары төмөнкү багыттар боюнча келип тушөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өлчөмүн кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн бардык суроолор боюнча  мамлекеттик жана расмий тилде  жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.