Соцфондго 2024-жылдын январь-октябрь айларында 9973 кайрылуулар келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-октябрь айларында 9973 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде:
• жазуу түрүндө кайрылуулар – 414;
• ооз эки кайрылуулар – 1245;
• КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 124 жаран;
• “Кыргыз радио” эфир «Биринчи кабылдама” – 5;
• ишеним телефондор аркылуу – 4921;
• уюлдук ишеним телефону аркылуу – 3264.
Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушөт:
1. пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
2. мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
3. пенсияларды индексациялоо тууралуу;
4. пенсияга укугу боюнча;
5. пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
6. пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
7. пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
8. КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.
Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.