Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдык майрамы жана бул маанилүү күндү утурлай келген Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракеси менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Кыргыз мамлекети өзүнүн бай тарыхы, каада-салты, нарк-насили менен кылымдарды карытып, улут катары калыптанууда бир катар оор сыноолорду башынан кечирип, татаал жолдорду басып өттү. Бул үчүн биздин баатыр, кеменгер ата-бабаларыбыздын жасаган эмгеги ат көтөргүс. Биз алардын эрдигин, эмгегин эч качан унутпайбыз!
Бүгүн да өлкөбүз дүйнөлүк аренада эгемен мамлекет катары өз ордун таап, өнүгүү жолунда бара жатат. Өлкө жетекчилигинин жүргүзгөн саясаты, алдыга койгон тапшырмалары негизинен жарандарыбыздын жаркын жашоосуна багытталып, бул үчүн алгылыктуу иштер аткарылууда. Бул аракеттер өз кезегинде мекендештерибиздин колдоосуна татып жатканы көңүл сүйүнтөт. Алдыда дагы калкыбыздын камы үчүн жасала турган арбын иштер өз жемишин берет деген терең ишеничтемин.
Кадырман мекендештер!
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө аманчылык, тынчтык, ырыскы каалайм. Ала-Тоо койнун мекендеген элибиз эсен болуп, ынтымак, биримдикте өмүр сүрүп, мекенибиз өнүгүп-өссүн.