Бекитилди

Кыргыз Республикасынын

Социалдык фондунун

2023-жылдын 6-июнундагы №129

буйругу менен

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда

ишаракеттердин стратегиялык планын (ИСП) аткаруу боюнча 

Кыргыз Республикасында 2023-2025-жж. коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу боюнча

маалыматы

2024-жылдын  I жарым жылдыгына

 

Стратегиялык көрсөткүч: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишинде коррупциялык практикаларды алдын алуу

2026-жылга карата максаттуу индикаторлор:

– 2022-жылдын деңгээлине карата калктын ишеним деңгээлин жогорулатуу;

– 2022-жылдын деңгээлине карата Социалдык фонд үчүн  «аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын деңгээли жөнүндө жеке түшүнүк» индексин жогорулатуу;

Ички контроль: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу, төрага, коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия, башкармалык, ИСП ишке ашырууга тартылган түзүмдүк, региондук жана ведомстволук бөлүмдөр

Тышкы мониторинг: АДК, коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган, жарандык коом, бизнес ассоциациялар, мамлекеттик кызматтарды алуучулар

Стратегиялык максат Коррупцияга каршы чара Милдеттер Иш-чара Аткаруучу Аткаруу жөнүндө маалымат
I. Тескеген чөйрөдө коррупциялык практикалардын себептерин табуу жана жоюу аркылуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишинде коррупциялык практикаларды алдын алуу 1.             иштелип жаткан ЧУА долбоорлоруна, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башкаруучулук жана финансылык чечимдерге жана тескеген чөйрөдө колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы алдын ала экспертиза жүргүзүү ЧУАда, башкаруучулук жана финансылык чечимдерде коррупциогендик ченемдерди жана механизмдерди табуу жана жоюу Мамлекеттик органдын ишиндеги коррупциялык ченемдерди жана механизмдерди жокко чыгарган ЧУАга, башкаруу жана финансылык чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү Юридикалык башкармалык,

 

региондук жана ведомстволук бөлүмдөр

       Күтүлгөн натыйжа: ЧУАда коррупциогендик нормаларга жана механизмдерге жол бербөө жана алып салуу

      Статусу: Аткарылды

      Борбордук аппараттын деңгээлинде бардык иштелип чыккан жана макулдашууга түшкөн ЧУАнын 123 долбооруна жана ЛУА 27 долбооруна алдын ала коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлдү.

         Региондук органдардын жана ведомстволук мекемелердин деңгээлинде ЛУАнын долбоорлоруна иштеп чыгуу жана макулдашуунун жүрүшүндө туруктуу негизде коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүлүп турат.

       Коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча колдонмо Социалдык фонддун расмий сайтына жайгаштырылды.

 

 

 

 

2. «Кыргыз почтасы» ААК почта байланыш бөлүмдөрү жана банк мекемелери аркылуу пенсия жана башка төлөмдөрдүн төлөнүшүн контролдоо деңгээлин жогорулатуу Пенсиялык  каражаттарды максаттуу пайдаланылышын  контролдоо, пенсия жана башка төлөмдөрдү төлөөдө «Кыргыз почтасы» ААКтын байланыш бөлүмдөрү жана банк мекемелери тарабынан кетирилген тартип бузууларды аныктоо Отчеттук жылга пенсия жана башка төлөмдөрдүн төлөнүшүнүн абалын текшерүүнүн биргелешкен планын бекитүү. «Кыргыз почтасы» ААКтын адистери менен бирдикте бекитилген графикке ылайык, ошондой эле

тартип бузуу аныкталган учурда бекитилген пландан тышкары байланыш бөлүмдөрүнө текшерүү жүргүзүү

«Кыргыз почтасы» ААК, банк мекемелеринин байланыш бөлүмдөрү менен бирдикте региондук бөлүмдөр

 

Пенсия төлөө башкармалыгы

 

Финансылык эсепке алуу башкармалыгы

       Күтүлгөн натыйжа 1: МСК каражаттарын максатсыз пайдаланууну алдын алуу, пайдаланылбаган пенсиялык каражаттарды өз убагында кайтарып берүү, аныкталган бузууларды четтетүү.

       Статусу: аткарылды

       Күтүлгөн натыйжа 2: туруктуу контролдоо жолу менен коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу .

      Статусу: аткарылды

      «Кыргыз почтасы» ААК менен биргелешкен текшерүү планы бардык 53 региондук башкармалыктарда түзүлгөн. 2024-жылы 633 биргелешкен текшерүү пландалган. Отчеттук мезгилде 403 текшерүү (64%) жүргүзүлдү. Төлөнбөгөн каражаттар ай сайын салыштыруу актыларынын негизинде Социалдык фонддун эсептерине сөзсүз кайтарылууга тийиш.

3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын максатсыз пайдаланылышын алдын алуу 1. Социалдык фонддун ишине аудит жүргүзүү жана анын жыйынтыктарын Социалдык фонддун башкармасында кароо Ички аудит башкармалыгы

 

Күтүлгөн натыйжа 1: МСК каражаттарын максатсыз пайдаланууну алдын алуу, пайдаланылбаган пенсиялык каражаттарды өз убагында кайтарып берүү, аныкталган бузууларды четтетүү.

Статусу: аткарылды

Күтүлгөн натыйжа 2: туруктуу контролдоо жолу аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу.

Статусу: аткарылды

      Аудитордук текшерүү планы жана графиги Социалдык фонддун 2024-жылдын 24-январындагы № 20 буйругу менен бекитилди. Ички аудит жогорудагы буйрук менен бекитилген планга жана графикке ылайык жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы Социалдык фонддун башкармасы тарабынан, анын ичинде жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйындарда каралат.

Жаңы чектелген пенсияларга карата аудит үзгүлтүксүз байкоо тартибинде, мурда чектелген пенсияга карата – ички аудит боюнча колдонмонун эл аралык стандарттарына ылайык тандап алуу менен аудит жүргүзүлөт.

       Отчеттук мезгилде 19 региондук башкармалыкта ички аудит жүргүзүлдү.

      Ички аудиттин жүрүшүндө 3 364 052 сом суммасында финансылык тартип бузуулар аныкталып, 1 054 430 сом калыбына келтирилди, калдык – 2 309 622 сом.

      Социалдык фонддун ишине Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан тышкы аудит жыл сайын жүргүзүлөт.

2. Социалдык фонд тарабынан пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө багытталган каражаттардын жеткирилишин жана төлөнүшүн камсыздоо боюнча талаптардын сакталышына «Кыргыз почтасы» ААКтын ишин контролдоо жана текшерүү Ички аудит башкармалыгы

 

 

      Күтүлгөн натыйжа 1: МСК каражаттарын максатсыз пайдаланууну алдын алуу, пайдаланылбаган пенсиялык каражаттарды өз убагында кайтарып берүү, аныкталган бузууларды четтетүү.

      Статусу: аткарылды

      Күтүлгөн натыйжа 2: туруктуу контролдоо жолу аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу.

      Статусу: аткарылды

2024-жылы 633 биргелешкен текшерүү пландалган. Отчеттук мезгилде 403 текшерүү (64%) жүргүзүлүп, 97 717 сом суммасында 29 негизсиз төлөм фактысы аныкталды.

3. Республиканын финансы-кредиттик мекемелеринин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарын максаттуу пайдаланышын контролдоо Ички аудит башкармалыгы

 

Пенсия төлөө башкармалыгы

Күтүлгөн натыйжа 1: МСК каражаттарын максатсыз пайдаланууну алдын алуу, пайдаланылбаган пенсиялык каражаттарды өз убагында кайтарып берүү, аныкталган бузууларды четтетүү.

      Статусу: аткарылды

      Күтүлгөн натыйжа 2: туруктуу контролдоо жолу аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу.

      Статусу: аткарылды

Социалдык фонд менен коммерциялык банктардын ортосунда кол коюлган келишимдердин жана ай сайын толтурулган салыштырма актынын негизинде МСК каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролго алынат.

 Бүгүнкү күндө Социалдык фонд республиканын 19 коммерциялык банкы менен кызматташат.

      Контроль Социалдык фонддун региондук башкармалыктарынын пенсия жана башка төлөмдөрдү төлөөгө арналган транзиттик эсептериндеги каражаттардын калдыктарын алуучулардын карт-эсептерине иш жүзүндө чегерилген каражаттардын суммасына, ошондой эле Социалдык фонд тарабынан пенсия төлөөгө багытталган ФКУ эсептериндеги калдыктарына салыштыруу жолу менен жүзөгө ашырылат.

 

 

 

       Алуучуларга төлөнбөгөн (максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган) пенсиялык каражаттар ФКУ менен ай сайын салыштыруу актыларынын негизинде Социалдык фонддун эсебине сөзсүз кайтарылууга тийиш.

ФКУ тарабынан финансылык тартип бузууга жол берилген эмес.

4. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык товарларды жеткирүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарын көрсөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырууну камсыздоо Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү,

сатып алуулар боюнча түзүлгөн комиссиялар

       Күтүлгөн натыйжа 1: МСК каражаттарын максатсыз пайдаланууну алдын алуу, пайдаланылбаган пенсиялык каражаттарды өз убагында кайтарып берүү, аныкталган бузууларды четтетүү.

      Статусу: аткарылды

      МСКнын каражаттарын максатсыз пайдаланууну алдын алуу максатында «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык гана ишке ашырылат. Өткөрүлгөн конкурстар жана алардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.

Отчеттук мезгилде товарлар, жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) жеткирип берүүчүлөргө 27 конкурстук тандоо жүргүзүлдү

Кызмат алуучулар менен өз ара аракеттенүү формаларын автоматташтыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сервистүүлүгүн камсыз кылуу Кардар багыты:

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлеринин жана кызмат алуучулардын өз ара аракеттенүүсүндө адам факторун минималдаштыруу

кызматтарды көрсөтүүдө жеке юридикалык жактар менен контактсыз өз ара аракеттенүүнү максималдуу камсыздоо

Өз ара аракеттенүүнүн ылдамдыгы, жөнөкөйлөштүрүү жана жеткиликтүүлүгү, өз ара аракеттенүүдө субъективдүүлүктү жокко чыгаруу, контактсыздык, өз ара аракеттенүүнүн алыстыгы аркылуу кызматтардын сервистүүлүгүн камсыз кылуу;

пенсия жана жөлөкпулдарды автоматташтырылган жеке жана юридикалык жактар менен контактсыз күндөлүк өз ара аракеттенүүнү камсыздоого багытталган Социалдык фонддун иш процесстерин автоматташтыруунун майнаптуулугун жакшыртуу жана жогорулатуу

1. Пенсия, жөлөкпул  жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча иш процессин автоматташтырууну аяктоо Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы,

пенсия төлөө башкармалыгы,

региондук бөлүмдөр

     Күтүлгөн натыйжа 1: калкка жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн (жөнөкөйлүгү, жеткиликтүүлүгү, ыкчамдыгы, алыстыгы жана контактсыздыгы) тейлемелиги.

     Статусу: аткарылды

     Күтүлгөн натыйжа 2: Жеке жана юридикалык жактар менен контактсыз жана аралыктан өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн эсебинен коррупциогендик факторлорду жана тобокелдиктерди азайтуу

     Статусу: аткарылды

Пенсия чектөө, кайра эсептөө жана төлөө автоматташтырылган режимде жүргүзүлөт.

Пенсия чектөө, кайра эсептөө жана төлөө үчүн талапкерлердин физикалык катышуусу минимумга же такыр талап кылынбайт.

Талап кылынган документтердин тизмесин кыскартуу жолу менен пенсия чектөө тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү.

2024-жылдын 1-июлунан тартып пенсия чектөө үчүн арыз ээсинен айрым документтерди жана маалыматтарды суроону  салуу боюнча мыйзам кабыл алынды.

КТБда 2 квартал ичинде 8746 кызмат көрсөтүлдү.

2. «Түндүк» ЭВӨС Социалдык фонддун электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн камсыздоо Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы

КР СФ БА түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте

     Күтүлгөн натыйжа: «Түндүк» ЭВӨСтөн маалымат алуу:

– пенсия алуучу жөнүндө;

– ММК системасында камсыздандырылгандыгы жөнүндө;

– камсыздандырылган адамдын иштеген мезгили жөнүндө;

– камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү жөнүндө;

– пенсионерлер боюнча статистика жөнүндө;

– камсыздандырылган адамдардын саны жөнүндө;

– камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жөнүндө;

– «Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети»;

– чектелген пенсия жөнүндө;

– төлөнгөн пенсия жөнүндө;

– юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу чегерүүлөрү, пенсия жана пенсиялык топтоолор жөнүндө.

     Статусу: аткарылды

     Коррупциогендик факторлорду жана тобокелдиктерди азайтуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө аралыктан жетүүнү камсыз кылуу, жеке жана юридикалык жактар менен контактсыз жана аралыктан өз ара аракеттенүүнү киргизүү, анын ичинде «Түндүк» ЭВӨС аркылуу төмөнкү маалыматтарды алууга мүмкүн болду:

– пенсия алуучу жөнүндө;

– ММК системасында камсыздандырылгандыгы жөнүндө;

– камсыздандырылган адамдын иштеген мезгили жөнүндө;

– камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчү жөнүндө;

– пенсионерлер боюнча статистика жөнүндө;

– камсыздандырылган адамдардын саны жөнүндө;

– камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жөнүндө;

– чектелген пенсия жөнүндө;

– төлөнгөн пенсия жөнүндө;

– юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу чегерүүлөр, пенсия жана пенсиялык топтоолор жөнүндө.

«Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети» тейлемеси «Түндүк» ЭВӨС жана Социалдык фонддун ведомстволук сайтында жеткиликтүү.

3. Ведомстволук сайтта Социалдык фонддун электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн иштешин камсыз кылуу:

– келечектеги пенсияны алдын ала, болжолдуу эсептөө үчүн пенсия калькулятору;

– депозиттик аукциондор – катышуучуларды  онлайн каттоо;

– кайрылуулар жана даттануулар;

– онлайн сервис «Чалуу-борбору» 1202 кыска номерине;

– «Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети» электрондук сервиси

Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы

КР СФ БА түзүмдүк бөлүмдөрү

«КР СФ караштуу МТПФ» мекемеси менен биргеликте

Күтүлгөн натыйжа: ведомстволук сайттан төмөнкү кызматтарды алуу жетиликтүү:

– пенсия калькулятору;

– депозиттик аукциондордо катышуучуларды онлайн каттоо;

– өтүнмөлөрдү, кайрылууларды жана даттанууларды берүү;

– «Чалуу-борбору» онлайн тейлөө;

– «камсыздандырылган адамдын жеке кабинети» электрондук кызматы;

– 1202 кыска номерине «Чалуу-борбору» онлайн тейлөө

– кайрылуулар жана даттануулар;

Статусу: аткарылган

Ведомстволук сайттан төмөнкү кызматтарды алууга болот:

– пенсия калькулятору;

– депозиттик аукциондорго – катышуучуларды  онлайн каттоо;

– өтүнмөлөрдү, кайрылууларды жана даттанууларды берүү;

– «Чалуу-борбору» онлайн тейлемеси;

– «Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети» электрондук тейлемеси;

– 1202 кыска номерине «Чалуу-борбору» онлайн тейлемеси.

– кайрылуулар жана даттануулар.

Ошондой эле даттануу менен аралыктан help@sf.kg e-mail дарегине кайрылууга болот.

4. Кызматтарга аралыктан жетүү үчүн технологиялык жерлерде иш процессине интеграциялоо Региондук бөлүмдөр, санариптик өнүктүрүү башкармалыгы      Күтүлгөн натыйжа: жеке жана юридикалык жактар менен контактсыз жана аралыктан өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн эсебинен коррупциогендик факторлорду жана тобокелдиктерди азайтуу

     Статусу: аткарылды

    Азыркы учурда бардык аймактык башкармалыктар зарыл болгон инфраструктура жана компьютердик оргтехника менен жабдылган. Аларды туруктуу негизде модернизациялоо жана техникалык колдоо жүргүзүлүп турат. Бардык региондук бөлүмдөр интеграцияланган технологиялардын нормалдуу иштешин камсыздоо маселелерин чечүүчү квалификациялуу адистер менен камсыздалган.

5. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн массив ээлери болуп саналган Социалдык фонддун, министрликтердин жана ведомстволордун маалымат базасын интеграциялоо

 

Жекече эсепке алуу башкармалыгы       Күтүлгөн натыйжа: жеке жана юридикалык жактар менен контактсыз жана аралыктан өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн эсебинен коррупциогендик факторлорду жана тобокелдиктерди азайтуу

      Статусу: аткарылды

      Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымат базаларын министрликтердин жана ведомстволордун маалымат базаларына интеграциялоо максатында, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн маалымат массивдерин кармаган бардык министрликтер жана ведомстволор менен тиешелүү техникалык макулдашуулар түзүлгөн.

     Социалдык фонд, өз кезегинде, Социалдык фонддун маалыматтык системасынан, анын ичинде түзүлгөн макулдашуулардын негизинде жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо менен «Түндүк» ЭВӨС аркылуу өз ара аракеттенүүдө республиканын бардык ФКУга маалымат берет.

6. ФКУ аркылуу төлөө үлүшүн көбөйтүү Пенсия төлөө башкармалыгы,

региондук  бөлүмдөр

      Күтүлгөн натыйжа: жеке жана юридикалык жактар менен контактсыз жана аралыктан өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн эсебинен коррупциогендик факторлорду жана тобокелдиктерди азайтуу

      Статусу: аткарылды

Кызмат көрсөтүүлөрдү деперсоналдаштыруунун алкагында пенсионерлердин максималдуу санын ыктыярдуу негизде республиканын ФКУдан пенсия алууга которуу боюнча иштер улантылууда (2024-жылдын 1-июлга карата абал боюнча бардык төлөмдөрдүн 79%ы же 622 810 пенсионер ФКУга которулган).

7. Пенсия чектөө жана кайра эсептөө үчүн арыз ээлеринен талап кылынган документтердин санын кыскартуу максатында министрликтер жана ведомстволор менен акысыз маалымат алмашуу иштерин жүргүзүү Пенсия чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгы, региондук бөлүмдөр      Күтүлгөн натыйжа: жеке жана юридикалык жактар менен контактсыз жана аралыктан өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн эсебинен коррупциогендик факторлорду жана тобокелдиктерди азайтуу

      Статусу: аткарылды

      Пенсия чектөө жана кайра эсептөө үчүн арыз ээлеринен талап кылынган документтердин санын кыскартуу максатында министрликтер жана ведомстволор менен маалымат алмашуу жүргүзүлөт.

Кадрларды сапаттуу тандоого жана жүрүм-турумунда шек туудурган моралдык-этикалык нормалары бар адамдарды ишке киргизбөөгө мүмкүндүк берген кадрлар менен иштөө системасынын иштешин камсыздоо Кадр фильтрин колдонуу: кызмат ордунан терс негиздер боюнча бошотулган, моралдык-этикалык жүрүм-туруму шек туудурган, коррупцияга аралашкан адамдарды жумушка алууну жокко чыгарган кадрларды тандоо,

эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу аркылуу кызматкерлердин коррупциялык мотивациясын азайтуу

 

Коррупцияга каршы технологияларды колдонуу

кадр ишинде:

– бош кызмат орундарына тандоо жөнүндө кулактандырууларды жарыялоо;

– конкурстук тандоонун жүрүшүндө бош кызмат орундарына талапкерлердин компетенттүүлүгүн текшерүү;

– которуу жана орун алмаштыруу;

– ишин баалоо;

– кадрлар резервин киргизүү ж. б.

1. Конкурстук негизде бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо боюнча ишти күчөтүү Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү, ведомстволук жана

региондук бөлүмдөр

      Күтүлгөн натыйжа: жүрүм-турумдун моралдык-этикалык нормалары шек туудурган кадрлардын жоктугу, коррупциялык кызыкчылыкты минималдаштыруу, потенциалдуу коррупциялашкан кызматкерлерди тандоону алдын алуу

    Статусу: аткарылды

    Социалдык фонддо бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо Социалдык фонддун башкармасынын 2015-жылдын              20-апрелиндеги № 52 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош кызмат орундарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо жөнүндө» жобого ылайык жүргүзүлөт.

      Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, анын региондук органдарынын жана ведомстволук мекемелеринин бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

     Отчеттук кварталда Социалдык фонддо 7 конкурстук тандоо өткөрүлдү.

     Укук коргоо органдарынын маалыматтарынын жана сот актыларынын негизинде коррупция аныкталган учурда бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди киргизбөө жана кызматкерлерди четтетүү каралган.

Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруулар Социалдык фонддун сайтына жайгаштырылат.

2. Коррупциялык байланыштардын пайда болушунун алдын алуу максатында кадрдык которууларды (орун жылыштыруулар) жүргүзүү Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү, ведомстволук жана

регионалдык бөлүмдөр

       Күтүлгөн натыйжа: коррупциялык кызыкчылыкты минималдаштыруу, потенциалдуу коррупциялашкан кызматкерлерди тандоону алдын алуу

       Статус: аткарылды

Отчеттук мезгилде 50 кадрдык которуу, орун жылыштыруулар жүргүзүлдү.

3. КР СФ системасында кадрлар резервин киргизүү Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү,       Күтүлгөн натыйжа: жүрүм-турумдун моралдык-этикалык нормалары шек туудурган кадрлардын жоктугу, коррупциялык кызыкчылыкты минималдаштыруу, потенциалдуу коррупциялашкан кызматкерлерди тандоону алдын алуу

    Статусу: аткарылды

       Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын 2010-жылдын 20-февралындагы № 29 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ички кадрлар резервин түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө»  жобого ылайык, квалификациялык талаптарга жооп берген жогорку көрсөткүчтөр үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кадрлар резервине отчеттук мезгилде конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча 31 адам киргизилди, алардын ичинен 12 адам жумушка орношту.

4. Терс себептер боюнча кызматтан бошотулган КР Социалдык фондунун кызматкерлеринин бирдиктүү реестрин жүргүзүү Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү,     Күтүлгөн натыйжа: жүрүм-турумдун моралдык-этикалык нормалары шек туудурган кадрлардын жоктугу, коррупциялык кызыкчылыкты минималдаштыруу, потенциалдуу коррупциялашкан кызматкерлерди тандоону алдын алуу

     Статусу: аткарылды

      Социалдык фонддун терс негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган кызматкерлерин эсепке алуу Социалдык фонддун башкармасынын 2018-жылдын 28-майындагы № 45 токтому менен бекитилген Терс негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлеринин реестрин түзүү тартибине ылайык жүргүзүлөт.

     Отчеттук мезгилде Социалдык фонддун терс негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган кызматкерлери жок.

5. Этикалык жүрүм-турумдун, корпоративдик маданияттын сакталышын камсыздоо Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү, ведомстволук жана

аймактык бөлүнүштөр, этика боюнча комиссиялар

    Күтүлгөн натыйжа: жүрүм-турумдун моралдык-этикалык нормалары шек туудурган кадрлардын жоктугу, коррупциялык кызыкчылыкты минималдаштыруу, потенциалдуу коррупциялашкан кызматкерлерди тандоону алдын алуу

     Статусу: аткарылды

    Жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоону камсыздоо максатында Социалдык фонддо кызматкерлердин жүрүм-турумунун этикалык стандарттары киргизилип, Борбордук аппаратта жана региондук бөлүмдөрдө этика боюнча комиссия түзүлгөн.

      Отчеттук мезгилде Социалдык фонддун кызматкерлеринин этикага жатпаган жүрүм-турум фактылары жөнүндө арыздар келип түшкөн жок.

6. Коррупцияда кармалган адамдарды ээлеген кызматынан четтетүү (соттун чечиминин жана/же укук коргоо органдарынын аракеттеринин негизинде) Адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү,

юридикалык башкармалык

     Күтүлгөн натыйжа: жүрүм-турумдун моралдык-этикалык нормалары шек туудурган кадрлардын жоктугу, коррупциялык кызыкчылыкты минималдаштыруу, потенциалдуу коррупциялашкан кызматкерлерди тандоону алдын алуу

     Статусу: аткарылды

     Отчеттук жылда коррупцияга аралашкан адамдарды ээлеген кызматынан четтетүү фактылары (соттун чечиминин жана/же укук коргоо органдарынын аракеттеринин негизинде) болгон жок.

7. Эмгек акы төлөө шарттарын жакшыртуу Административдик чыгымдарды пландоо жана эсепке алуу бөлүмү, бюджет башкармалыгы Күтүлгөн натыйжа: кызматкерлердин финансылык муктаждыгын азайтуу жолу менен коррупциянын пайда болуу тобокелдиктеринин деңгээлин төмөндөтүү

Статусу: аткарылууда

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишинин транспаренттүүлүгүн (ачыктыгын) камсыздоо Стейкхолдерлерди башкарууга (мамлекет, жалдоочулар, профсоюздар, пенсиялык камсыздоо жана саламаттык сактоо бөлүгүндө жарандардын кызыкчылыктарын билдирген коомдук бирикмелер жана уюмдар) контролдоо жана катышуу үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишинин ачыктыгы, айкындыгы. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын камсыздандыруучунун ишинин ачык-айкындыгын жана системанын өз алдынча башкаруусуна жетүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берген шарттарда иштеши

(корпоративдик башкаруу)

1. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын корпоративдик башкарууну камсыздоо Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, стейкхолдерлер Күтүлгөн натыйжа 1: Социалдык фонддун ишинин транспаренттүүлүгү

Күтүлгөн натыйжа 2: мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасын башкарууга стейкхолдерлердин жеткиликтүүлүгү

Статусу: аткарылды:

 

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун өз алдынча башкаруу органы болуп социалдык камсыздандыруу системасында өз таламдарын билдирген ар бир тараптын тең укуктуу катышуу принциби боюнча түзүлүүчү (мамлекет, жалдоочулар, кесиптик бирликтер, пенсия менен камсыз кылуу жана саламаттык сактоо бөлүгүндө жарандардын таламдарын билдирген коомдук бирикмелер жана уюмдар) мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш (БК) эсептелет.

БК социалдык камсыздандыруунун макулдашылган саясатын иштеп чыгууну, ошондой эле социалдык камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын финансылык жана укуктук аудитин жүзөгө ашырат; ченемдик укуктук базаны даярдоо боюнча ишти координациялайт; мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана бюджети боюнча сунуштарды даярдайт.

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелерди жана компенсацияларды туура эсептөөгө жана өз убагында төлөөгө контролдукту камсыз кылуу үчүн камсыздандыруучу тарабынан иш берүүчүнүн, профсоюз комитетинин жана эмгек жамаатынын өкүлдөрүнөн социалдык камсыздандыруу боюнча комиссия түзүлөт же социалдык камсыздандыруу боюнча ыйгарым укуктуу адам шайланат. Комиссия же социалдык камсыздандыруу боюнча ыйгарым укуктуу адам камсыздандырылган адамдар менен камсыздандыруучулардын ортосундагы талаш-тартыштарды да карайт.

Камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелер жана компенсациялар менен камсыз болууга укуктарынын ишке ашырылышына коомдук контролду кесиптик бирликтер, же камсыздандырылган адамдар тарабынан атайын ыйгарым укук берилген өкүлчүлүктүү органдар жүзөгө ашырат

2. ММК, тегерек столдор аркылуу Социалдык фонддун ишин чагылдыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коррупциялык кылмыштарда кармалган Социалдык фонддун кызматкерлерин кызматтан бошотуунун негиздери жөнүндө маалыматтарды жарыялоо Басма сөз кызматы, түзүмдүк,

ведомстволук жана региондук бөлүмдөр, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

Күтүлгөн натыйжа: Социалдык фонддун ишинин транспаренттүүлүгү

Статусу: аткарылды

 

Ишти чагылдыруу жыл сайын бекитилүүчү медиа-пландын негизинде жүзөгө ашырылат, анда:

1.             Пресс-конференциялар жана макалаларды жарыялоо;

2.             Социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жөнүндө негизги сюжеттер жана макалалар;

3.             ТВ жана радио программаларына катышуу;

4.             Социалдык видео роликтер;

5.             Радио жана социалдык тармактар аркылуу пенсиялык системадагы иш-аракеттер жана реформалар жөнүндө маалымат берүү;

6.             Социалдык Фонддун сайтында жана социалдык тармактарда онлайн жарнамалоо жана өз ара аракеттенүү:

http://socfond.kg/kg/

https://www.facebook.com/profile.php?id=100008384018333

https://www.facebook.com/socfondKG/

https://www.instagram.com/socfond_kg/

https://twitter.com/SocFondKG

https://www.youtube.com/channel/UC-nImaOEAlKEeQCqxYzvPNQ

https://ok.ru/profile/564665816463

https://ok.ru/socfondkg

https://web.telegram.org/a/#-1001509442568

7.             Эл аралык кызматташтык боюнча басылмалар;

8.             Расмий веб-сайтта жана социалдык баракчаларда үзгүлтүксүз жаңыртуулар;

9.             Комментарийлерде жана жеке билдирүүлөрдө суроолорго жооптор.

        Окуу борборунун (ОБ) базасында пенсиялык камсыздоо жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө сабаттуулукту жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Мында ОБ программасына коррупцияга каршы пропагандалоо боюнча семинарлар милдеттүү түрдө киргизилген.

Отчеттук мезгилде катышуучулардын жалпы саны 7978 түздү, алардын ичинен: студенттер жана окутуучулар – 2258; уюмдар жана ишканалар – 1962; министрликтер жана ведомстволор – 641; саламаттык сактоо мекемелери – 138; орто мектептер – 2818; базарлар – 27; курулуш компаниялары – 84; жеке ишканалар – 50.

        Отчеттук мезгилде бардыгы – 11847 кайрылуу каралган, алардын ичинен:

    * жазуу жүзүндөгү кайрылуулар – 255;

    * оозеки кайрылуулар – 668;

    * КР СФ жетекчилигинин жарандарды кабыл алуусу – 79;

    * ишеним телефону арыклуу – 2375;

    * уюлдук ишеним телефону аркылуу – 1675;

    * Call-борбору – 6795.

      Ар бир СФРБ имаратында коррупцияга каршы маалымат, үгүт плакаттары, коррупциялык жүрүм-турум пайда болгон учурда байланыш маалыматтары бар стенддер орнотулган.

     СФРБ имараттарынын фойесинде жарандардан арыздарды кабыл алуу үчүн ящиктер орнотулган.

      БА жана ар бир СФРБ жетекчилиги тарабынан жарандарды кабыл алуу жүргүзүлөт;

     1202 кыска номери менен ишеним телефондору, чалуу-борбору, e-mail: help@sf.kg күнү-түнү иштейт.

3. Маалыматка жетүү, купуя маалыматты жана жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жарандар жана уюмдар үчүн Социалдык фонддун карамагында турган маалыматтарга жетүүнү камсыздоо түзүмдүк,

ведомстволук жана региондук бөлүмдөр

     Күтүлгөн натыйжа: Социалдык фонддун ишинин транспаренттүүлүгү.

     Статусу: аткарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн  бирдиктүү реестрине (тизмесине) ылайык Социалдык фонд ал ээси болуп эсептелген маалыматтарды жана дайындарды берүү боюнча кызмат көрсөтөт.

        «Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык жарандардын өздүк камсыздандыруу эсебинде камтылган маалыматтар купуя болуп саналат. Буга байланыштуу мындай маалыматтар «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана купуялуулук режимин сактоо менен берилет.

Социалдык Фонддун ведомстволук сайтында туруктуу негизде (socfond.kg) Социалдык фонддун ишинин айкындыгын камсыздоо максатында коомдук талкуулоо үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасындагы укуктук мамилелерди жөнгө салууга багытталган жана анын саясатын аныктаган ЧУА долбоорлору жайгаштырылат.

 

4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду иштеп чыккан ЧУА долбоорлорун Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин кароосуна киргизүү жана коомдук талкуулоо үчүн кеңири жана ачык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр       Күтүлгөн натыйжа: Социалдык фонддун ишинин транспаренттүүлүгү

     Статусу: аткарылды

     Отчеттук мезгилде Байкоочу кеңештин жыйынында Социалдык фонддун 2023-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча отчету каралды.

Коррупциянын мониторинги Коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун системалуулугу, коррупциялык тобокелдиктерди талдоо, коррупцияга каршы иш-чараларды инвентаризациялоо, коррупциялык көрүнүштөргө реакция жана алардын алдын алуу Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана алдын алуу 1. Коррупцияга каршы пландык иш-чаралардын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, түзүмдүк, ведомстволук жана региондук бөлүмдөрдүн башчылары       Күтүлгөн натыйжа: коррупциялык практикалардын алдын алуу жана майнаптуу күрөшүү

       Социалдык фонддун 2022-жылдын 3-февралындагы № 29 буйругуна ылайык Социалдык фонддун региондук бөлүмдөрүндө коррупцияга каршы жана коррупциялык жүрүм-турум белгилеринин алдын алуу иштери, коррупциялык фактылардын көрүнүшү үчүн жеке жоопкерчиликти алардын начальниктери тартат.

      Коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр жана региондук башкармалыктар жасалган иштер жана аткарылган иш-чаралар жөнүндө туруктуу (кварталдык) негизде отчетторду берип турушат.

        Отчеттук мезгилде региондук башкармалыктарда коррупция көрүнүшү бышыкталган фактылар табылган жок.

2. Коррупциогендик зоналарды табуу жана коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгаруу үчүн жумушчу процесстерди (жол-жоболорду) талдоо Жооптуу түзүмдүк, ведомстволук жана региондук бөлүмдөр,

коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу, коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия

       Социалдык фонддун бардык жооптуу жана кызмат адамдарынын функционалдык милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө коррупциогендик зоналарды табуу жана жер-жерлерде коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн жумушчу процесстерге (жол-жоболорго) туруктуу негизде мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт.

    СФРБ имараттары мүмкүн болгон учурда «open space» тиби боюнча жабдылат, видеобайкоо орнотулат. СФРБ жарандардан арыздарды кабыл алуу үчүн ящиктер орнотулган, кайра байланыш үчүн маалым даректерди көрсөтүү менен коррупцияга каршы үгүт материалдары орнотулган.

3. Социалдык фонддун системасындагы коррупция жөнүндө маалыматтарды камтыган жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо Коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия, региондук бөлүмдөр, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу, коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгы Отчеттук мезгилде кайрылуулар келип түшкөн жок.
4. Коррупциялык кылмыштардын белгилерин камтыган фактылар боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү Коррупциянын алдын алуу боюнча комиссия, региондук бөлүмдөр, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу, юридикалык башкармалык, адам ресурстары менен иш алып баруу бөлүмү Отчеттук мезгилде материалдар укук коргоо органдарына берилген жок.

 

Кыскартуулардын тизмеси:

КР СФ – Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду

МСК – мамлекеттик социалдык камсыздандыруу

БА – борбордук аппарат

КАЫУӨ – коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу

СФРБ – Социалдык фонддун райондук (шаардык) башкармалыктары

ФКУ – финансы-кредиттик мекемелер

ЧУА – ченемдик укуктук акты

ЛУА -локалдык укуктук акты

МТПФ – Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду

МСК – Мамлекеттик салык кызматы

ЖАМК – Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

ЮМ – Юстиция министрлиги

ММК – Милдеттүү медициналык камсыздандыруу

ВЭӨС – Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы

ТЖЖ – туруктуу жашаган жери.