📢 Соцфонддун Call-борбору: 2026-жылдын январь айында 3011 кайрылуу кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Маалымат борбору 2026-жылдын январь айында 3011 кайрылууну кабыл алды.
Анын ичинде:
📞 1132 — телефон чалуулар
💬 1879 — чат аркылуу кайрылуулар

📌 1202 номуру аркылуу квалификациялуу кеңеш алыңыз!

Жарандар эң көп кайрылган суроолор:
✔️ Топтомо пенсия: топтолгон каражаттар жана аларды алуу тартиби
✔️ Пенсияны чектөө маселеси
✔️ Жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө алуу
✔️ Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери
✔️ Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу боюнча башка суроолор
👩‍💼 Акыркы мезгилде жарандардын топтомо пенсия боюнча кайрылуулары көбөйүүдө.

Call-борбордун адистери бардык суроолор боюнча кеңеш берүүгө даяр.

📞 Суроолоруңуз болсо, 1202 номерине кайрылыңыз!