Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бош кызмат орундарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоонун тартиби:
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкармасынын токтому менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратында, региондук органдарында жана ведомстволук мекемелеринде административдик-башкаруу персоналынын бош кызмат орундарын ээлөө үчүн талапкерлерди тандоонун бирдиктүү тартиби аныкталган.
Бош кызмат ордунун болушу талапкерлерди тандоо процессин баштоо үчүн негиз болуп саналат.
Бош кызмат ордуна конкурс Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун расмий веб-сайтына жайгаштыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппараты тарабынан жарыяланат.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондундагы, анын региондук органдарындагы жана ведомстволук мекемелериндеги бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Бош кызмат орундарына талапкерлерди тандоо процесси төмөнкү баскычтарды камтыйт:
– Талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлеринин ичинен, кадрлар резервинде турган адамдардан же бош кызмат ордуна конкурс жарыялоо боюнча аныктоо;
– талапкерлердин тизмесин түзүү, документтерди, өздүк делолорду жыйноо;
– талапкердин кесиптик жана адеп-ахлактык сапаттарын текшерүү, ал жөнүндө маалымат алуу жана аны инсан катары көрсөтүү, анын интеллекти, кесипкөйлүгү, акыл-көрөңгөсү, өз ойлорун, эрктүүлүгүн, шыгын жана мотивациясын сабаттуу жана логикалуу баяндай билүүсү жөнүндө пикир түзүү.
Талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары үч этапта бааланат:
– документтерди кароо;
– компьютердик тестирлөө;
– аңгемелешүү.
Конкурстун биринчи этабына катышуу үчүн документтердин тизмеги берилет. Берилген документтерди иликтөөнүн негизинде Комиссия талапкерлердин белгиленген талаптарга шайкештиги жана аларды тестирлөөгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Талапкердин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу боюнча мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды билүүсүн текшерүү компьютердик тестирлөөнүн максаты болуп саналат. Тест тапшыруучу компьютердик программанын жардамы менен базалык суроолордон кокусунан тандоо ыкмасы менен тандалып алынган 60 суроого 120 мүнөт ичинде жооп бериши керек. Ар бир туура жооп үчүн бир упай берилет. Компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы бар тестирлөө барагына тест тапшырган талапкер кол коет жана Комиссиянын жыйынынын протоколу менен бирге сакталат. Компьютердик тестирлөөдө 36 балл (60% туура жооп) жана андан жогору балл алган талапкерлер тестирлөөдөн өттү деп эсептелет жана конкурстун кийинки этабына киргизилет.
Аңгемелешүүнүн алдында талапкер 30 мүнөттүн ичинде комиссия тарабынан берилген тема боюнча аз көлөмдөгү өз алдынча жазуу ишин жүргүзүшү керек. Комиссия компьютердик тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча кесиптик жана моралдык сапаттарды, талапкер жөнүндө маалыматты, жазуу сабаттуулугун, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлеринин реестринде терс себептер боюнча кызматтан бошотулган маалыматтардын бар экендигин, инсандык сапаттарын жана келечектеги иши жөнүндө ой-пикирлерин аныктайт жана баалайт, анын интеллекти, кесипкөйлүгү, акыл-көрөңгөсү, өз ойлорун сабаттуу жана логикалуу баяндай билүүсү, эрктүүлүгү, шыктары жана жүйөлөрү, чыр-чатагы ж. б. жөнүндө пикир түзөт.
Ошондой эле комиссия талапкердин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды билүүсүн баалайт.
Конкурстан өтүү үчүн керектүү документтер
Конкурска катышуу үчүн документтер конкурс жарыяланган күндөн тартып 14 (он төрт) күндүн ичинде кабыл алынат. Бош кызмат орунунун талаптарына туура келген талапкер, бош кызмат ордуна конкурска катышуу үчүн турган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тиешелүү региондук башкармалыгына төмөнкү документтердин пакетин тапшыруу керек:
– конкурска катышууга арыз;
– сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча;
– резюме;
– өмүр баян;
– зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын ырастаган документтер (нотариалдык же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн билими, квалификациясын жогорулатуу, илимий даража жана илимий наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү);
– инсандыгын ырастаган паспорттун көчүрмөсү,
– нотариалдык күбөлөндүрүлгөн аскердик эсепке алуу документи (аскерге милдеттүүлөр жана аскердик кызматка чакырылуучу адамдар үчүн),
– соттуулугу жоктугу тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат борборунан документтерди берген учурда 1 маалымкат;
– документтерди берген учурда 1 айдан кеч эмес берүү мөөнөтү менен жарандын соттуулугу жок экендиги туурасындагы маалымкат
– талапкердин инсандыгын мүнөздөөчү материалдар (мүнөздөмө, пикирлер ж. б. бар болсо);
– мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат (С1 жетекчи кызмат орду үчүн)
Бош кызмат ордуна талапкерге карата талаптар
Жумушка кабыл алуу үчүн талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болууга;
2) кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген билимге ээ болуу;
3) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө.
4) зарыл кесиптик жана моралдык сапаттарга ээ болуу: кесиптик ишке даярдыгы; кызмат орду боюнча милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн зарыл болгон жалпы жана атайын билимдердин болушу, аларды практикада колдоно билүү; демилгелүүлүк, ишке жөндөмдүүлүк, тапшырма коюп жана анын чечимин аягына чейин жеткире билүү; объективдүүлүк, өзүнө жана башкаларга талап коюу, ак ниеттүүлүк, чынчылдык, жоопкерчилик.
5) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун терс жүйөлөр боюнча кызматынан бошотулган кызматкерлеринин реестринде жок болууга.