Соцфонд борбордун тазалыгына салым кошууну улантууда.
Социалдык фонддун борбордук аппаратынын кызматкерлери экинчи ай катары менен ар бир ишемби күнү Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана тазалоо иш-чараларына активдүү катышууда.
Бүгүн, 2025-жылдын 26-апрелинде, кызматкерлер кезектеги ишембиликке чыгып, Чүй жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты жана ал жерде жайгашкан сейил бакты тазалап, бак-дарактарды карашты.
Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 6-мартындагы №50-т тескемеси жана 2025-жылдын 12-мартындагы чыг. №01-16/484 каты, ошондой эле Социалдык фонддун 2025-жылдын 13-мартындагы №11 буйругунун алкагында уюштурулууда.
Ишембиликтер борборду жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө жана санитардык тазалыкты сактоого чоң салым кошууда.
Мындай иш-чаралар кызматкерлердин командалык биримдигин бекемдеп, жарандык жоопкерчиликти да арттырууда.