Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн кайрылуунун тартиби жана зарыл болгон документтер

  1. Арыз ээси пенсиялык иштин жайгашкан жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдарына расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн арыз берет.
  2. Эгерде карылар жана майыптар үйүндө жашаган пенсионердин сөөгү социалдык стационардык мекеме тарабынан коюлса, анда социалдык стационардык мекемелер расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдарына кайрылат.
  3. Эгерде жазаларды өтөө жерлеринде болгон пенсионердин сөөгү жазаларды аткаруу мекемелери тарабынан коюлса, анда жазаларды аткаруу мекемелери расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдарына кайрылат.
  4. Социалдык стационардык жана жазаларды аткаруу мекемелер жазуу жүзүндө кайрылышат жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсүн беришет.
  5. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдары расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун суммасын банкка социалдык же түзөтүү мекемесинин алыш-бериш эсебине которот.
  6. Арыз ээси Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген ишеним кат берүү менен расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду алууга башка бир адамга ыйгарым укук берүүгө укуктуу (арыз ээси ооруп калганда, аракетке жөндөмсүз болгондо же арыз ээси кеткенде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кеткен учурда).

Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмдөрү

Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул Пенсиялык фонддун каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдө төлөнөт:

– 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө – “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындалган пенсионер каза болгон учурда;

– 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө – “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындалган пенсионердин багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда.

Эмгек акысына кошумча акынын коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулдун өлчөмү бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт.

Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөнбөгөн учурлар

Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төмөнкүлөргө төлөнбөйт:

– дайынсыз жок деп таанылган жана сот тарабынан каза болгон деп жарыяланган пенсионерлерге;

– арыз ээси пенсионер каза болгондугу тууралуу маалымкат берилген күндөн тартып алты айдан кийин кайрылган учурда.

Жөлөкпул төлөө доосунун эскириши Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.

Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтер

  1. Пенсионер каза болгон учурда расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдарына төмөнкүлөрдү берет:

– расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө жөнүндө арызды;

– арыз ээсинин паспортун;

– адамдын өлгөнүн белгилөө жөнүндө медициналык маалымкат –   саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген үлгүдөгү берилген документ.

Эгерде пенсионердин сөөгү үй-бүлө мүчөсү болбогон адамдар тарабынан коюлса, сөөк коюу фактын ырастаган акт түзүлөт. Акт каза болгон пенсионер жашаган жердеги кошуналардын (беш адамдан кем эмес) катышуусу менен түзүлөт, алар арыз ээси тарабынан сөөк коюу фактын ырастай алат. Актта каза болгон пенсионердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана жашаган жеринин дареги, арыз ээсинин жана кошуналарынын фамилиясы, аты, атасынын аты жана акт түзгөн адамдардын кол тамгалары көрсөтүлүшү керек.

  1. Пенсионер Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары каза болгон учурда арыз ээси Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органдарына төмөнкүлөрдү берет:

– расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө жөнүндө арызды;

– арыз ээсинин паспортун;

– Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же болбосо аймагында пенсионер каза болгон жарандык абалдын актысын (каза болгондугун) мамлекеттик каттоо фактысын ырастаган чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүк.

  1. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн төмөнкүдөй маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө кол коюлган жана күчүнө кирген тиешелүү макулдашуулардын негизинде электрондук форматта тиешелүү мамлекеттик органдардан суралат:

– арыз ээсинин жеке маалыматтары;

– каза болгондугу тууралуу акттын жазуусунун маалыматтары.

  1. Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жана ички ведомстволук маалымат алмашуу системасы аркылуу алынган маалыматтар түзүлгөн макулдашууларга ылайык ишенимдүү, анык деп эсептелет жана документтердин кагаз түрүндөгү версияларына теңештирилет.
  2. Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан суралган расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон маалымат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, акысыз негизде берилет.