Президент Садыр Жапаров менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынып, бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Кеңири стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алынып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Маанилүү келишимдердин бири — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу, ошондой эле анын аткарылышы боюнча Административдик макулдашуу болду.

Бул документтерге кол коюу эки өлкөнүн жарандарына социалдык камсыздандыруу тармагында бирдей укуктарды камсыз кылууга багытталган. Келишимдер боюнча иштер өткөн жылдын башында башталган жана кыска убакыттын ичинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Кытай Эл Республикасынын Адамдык ресурстар жана социалдык камсыздоо министрлигинин эксперттери аларды иштеп чыгып, макулдашуу иштерин аякташты.

Келишим төмөнкү маселелерди камтыйт:
– Кыргыз жана кытай жарандары үчүн пенсиялык камсыздандырууда тең укуктарды камсыз кылуу (курагы, майыптыгы, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча).
– Кытайдагы жумушчулар жана шаардык-айылдык тургундар үчүн негизги пенсиялык камсыздандырууну камтуу.
– Пенсия төлөмдөрүн жарандардын жашаган жерине карабастан жүргүзүү.
– камсыздандыруу төгүмдөр эки тарапта тең төлөнбөш үчүн иш-сапарга жиберүү жана иш-сапарга жиберүү мөөнөттөрүн узартуу ж. б. беренелер каралган.

Кийинки этап — келишимдин ратификациясы. Анын күчүнө кириши жарандардын социалдык корголушуна гана эмес, эки тараптуу мамилелердин чыңдалышына, экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана Кытайдын Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорун илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.